Президент кыргыз тилинен аксап жаткан министрликтерди сынга алды

 Президент кыргыз тилинен аксап жаткан министрликтерди сынга алды

“Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек. Биз өзүбүз кайдыгер мамиле кылсак, мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында.

“»Өнөр алды — кызыл тил« дейт элибизде. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн Мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери курулай сөз жүзүндө калып, кагаз бетиндеги макала-баяндамаларда эле айтылып, иш жүзүндө ага көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык! Бул багытта чечилбеген маселелер абдан көп.
2022-жылга карата мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүгүртүү боюнча Infodocs системасы аркылуу айрым министрликтердин жана ведомстволордун статистикалык көрсөткүчтөрү мени канааттандырган жок. Мисалы:
− Экономика жана коммерция министрлиги — 13 эле пайыз.
− Санариптик өнүгүү министрлиги — 12 пайыз.
− Юстиция министрлигинде — 13 пайыз.
− Энергетика министрлигинде — 17 пайыз.
Бул көрсөткүчтөр 50 пайыздан кем болбош керек! ”, – деди президент.

Связанный пост