Төрага Нурланбек Шакиев Жапониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 Төрага Нурланбек Шакиев Жапониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 28-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Годаны кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-жапон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттик алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Хидэки Годаны Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Тажрыйбалуу элчи катары эки элдин байланышын чыңдоого зор салым кошуп, кызматташтыбызды жаңы деңгээлге көтөрөсүз деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелерге 30 жыл толгонун эске салган Төрага: “Бул жылдар аралыгында бардык тармактар боюнча жигердүү кызматташтык уланып, Жапония мамлекети өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган ири долбоорлорго чоң көмөк көрсөттү. Айрыкча, Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) калк турмушун жакшыртуу жаатында бир катар маанилүү иштерди алып барды”, – деп белгиледи.

Андан тышкары, билим берүү тармагында да алакалар артып жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Кыргызстандын жаштары Жапониянын алдыңкы окуу жайларында билим алып, тарыхы бай, технологиясы өнүккөн жана маданияты менен өзгөчөлөнгөн өлкөңүздөрдөн тажрыйба топтоп келишет. Алсак, Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программанын (JDS) алкагында эле жүздөгөн студенттерибиз магистр даражасы боюнча билимин жогорулатып, азыркы тапта Кыргызстандагы маанилүү тармактарда эмгектенишүүдө. Андыктан бул багытта калыптанган байланышты мындан ары да өнүктүрүүбүз кажет”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Хидэки Года Жапония Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштерине учкай токтолду.

Муну менен катар акыркы 30 жыл аралыгында биргелешип ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сөз кылган Хидэки Года “Бир айыл – бир продукт” долбоору ийгиликтүү уланып жатканын жана аны чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө да жайылтуу максатталганын маалымдады.

Эскерте кетсек, жолугушууга “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров катышты.

Связанный пост