Galleries

Uncategorized @kg Маданият

Евразиялык Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасы ачылды

“Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында Евразиялык Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасы ачылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ачылыш аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты. Айнура Аскарова аталган окуу жайдын студенттерин жана эмгек жамаатын жаңы кафедранын ачылышы менен куттуктап, […]Читать далее

Министрлер кабинети Эл аралык мамилелер

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Омск облусунун Өкмөтүнүн Төрагасынын

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Россия Федерациясынын Омск облусунун Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Ушаков менен жолукту. Кыргызстан менен Россиянын аймактар аралык кызматташуусу ар дайым эки мамлекеттин башчыларынын көңүл борборунда тураарын айткан Бакыт Төрөбаев, Кыргызстанда инвестиция тармагында жакшы өнүгүүлөр жана пландар бар экенин, бул жааттагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктары болуп агроөнөр […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын Жазуучулар союзунун Төрагасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Федерациясынын Жазуучулар союзунун Төрагасы Николай Иванов менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы адабий чыгармачылыкты жана маданий кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү долбоорлорго жана демилгелерге өзгөчө көңүл буруп, эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө маданий өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. “Кыргызстандын эли улуу орус адабиятына болгон […]Читать далее

Кырсык Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Бишкек – “Манас” аэропорту унаа жолунда кырсыктан жарадар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек – “Манас” аэропорту унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жарадар болуп Шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган балдардан кабар алды. МинКаб Төрагасынын орун басарына ооруканада жаткан 18 баланын абалы жана алардын дарылануусу тууралуу маалымат берилди. Маалым болгондой, учурда реанимация бөлүмүндө 4 бала дарыланууда, алардын биринин абалы […]Читать далее

Коом

Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференция өттү

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын улуттук лидери, архитектору жана негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференцияга катышты. Мамлекеттик катчы маарекеге карата Кыргызстанда Гейдар Алиевдин өмүр жолуна арналган жолугушууларды өткөрүү, сүрөт көргөзмөсүн ачуу, даректүү кинотасмаларды көрсөтүү, улуттук жана диаспоралар аралык концерттик программаларды уюштуруу […]Читать далее

Укук тартиби

Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды. Кыргыз Республикасынын жарандары А.С.А. жана А.З.Т. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде маркалоонун милдеттүү жол-жоболорун кыйгап өтүп, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качып, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштурушкандыгы аныкталган. […]Читать далее

Президент

Президент Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасын

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланды. Каныбек Осмоналиев Мамлекет башчысына 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, анын ичинде мамлекеттик органдарда […]Читать далее

Маданият

“Салттуу музыка Жумалыгы” старт алды

Жумалыктын ачылышы бүгүн, 20-апрелде А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында өттү. Маданий иш- чарага кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өзөгү болгон улуттук өнөрдү сактап, жайылтып келген салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр жана күйөрмандар катышты. Аземди ачып жатып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалалиев, Токтогул […]Читать далее

Коом Экономика

Ош шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.  Расмий ачылышка Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты. Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге […]Читать далее

Коом

Борбордо жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө күчөтүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде Бишкек шаарындагы коомдук транспортту тейлеген муниципалдык ишканалардын жана жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери жана бригадирлери менен жолугушуу болуп, ал жолугушууга президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ырааттамада каралган токтоочу аялдамаларда гана жүргүнчүлөрдү алуу жана түшүрүү, 10 күндүк мөөнөттө каттамдардын номерлеринин арткы көрсөткүчүн орнотуу, ошондой эле GPS-трекерлер […]Читать далее