Ош шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Расмий ачылышка Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты.

Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.

Ош шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун иши аймактагы бизнес-климатты жакшыртууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

“Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлери мамлекеттик жана башка кызматтардын топтомун эми бир жерден ала алышат. Бул ишкердик ишти бир кыйла жеңилдетип, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт”, – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов борбордун расмий ачылышында.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан тышкары бир катар мамлекеттик органдар жана уюмдар, анын ичинде банктар, Юстиция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Баалуу металлдар департаменти, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору ж. б. өз кызматтарын көрсөтүшөт.

Эскерте кетсек, ушундай эле борбор Бишкек шаарында 2021-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келет жана жогорку натыйжаларды көрсөтүүдө.

Связанный пост