Борбордо жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө күчөтүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде Бишкек шаарындагы коомдук транспортту тейлеген муниципалдык ишканалардын жана жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери жана бригадирлери менен жолугушуу болуп, ал жолугушууга президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ырааттамада каралган токтоочу аялдамаларда гана жүргүнчүлөрдү алуу жана түшүрүү, 10 күндүк мөөнөттө каттамдардын номерлеринин арткы көрсөткүчүн орнотуу, ошондой эле GPS-трекерлер боюнча маселелер талкууланды.

Департаменттин директору Максат Нусувалиев жетекчилерди муниципалитеттин талаптарын жоопкерчиликтүү жана так аткарууга чакырды.

Мындан тышкары, ташуучу фирмаларга айдоочуларды кылдат тандоону, алардын сырткы келбетине жана жүрүм-турумуна көз салууну сунуштады, борбор калаанын тургундарын жана конокторун ташууда аларга жүктөлгөн жоопкерчиликтин жогорулашын эске салды.

Өз кезегинде жүргүнчүлөрдү ташыган уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү президенттин кеңешчисине жана департаменттин директоруна суроолорду берип, коомдук транспортко байланыштуу сунуштарын жана каалоолорун билдиришти.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттук ишканалардын жетекчилерине (менчигинин түрүнө карабастан) жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу максатында айдоочулар курамы менен инструктаж өткөрүү тапшырылды.

Связанный пост