Эдил Байсалов Бишкек – “Манас” аэропорту унаа жолунда кырсыктан жарадар болгон балдардан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек – “Манас” аэропорту унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жарадар болуп Шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган балдардан кабар алды.

МинКаб Төрагасынын орун басарына ооруканада жаткан 18 баланын абалы жана алардын дарылануусу тууралуу маалымат берилди.

Маалым болгондой, учурда реанимация бөлүмүндө 4 бала дарыланууда, алардын биринин абалы оор экени айтылууда, калган 14 бала оорукананын башка бөлүмдөрүнө жайгаштырылып, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп дарылоодон өтүүдө.

Эдил Байсалов балдардын өздөрү менен жана алардын ата-энелери менен жеке баарлашып, жарадар болгон балдар тез арада сакайып кетээрине ишенимин билдирди. Ал ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо көйгөйүнө көңүл буруп, жол эрежесин сактоодо, анын ичинде балдарды ташууну уюштурууда иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

МинКаб Төрагасынын орун басары жарадар болгон балдардын баарына тиешелүү дары-дармектер берилээрин белгилеп, Ички иштер министрлиги кырсыктын себептерин иликтеп жатканын кошумчалады.

Связанный пост