Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференция өттү

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын улуттук лидери, архитектору жана негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференцияга катышты.

Мамлекеттик катчы маарекеге карата Кыргызстанда Гейдар Алиевдин өмүр жолуна арналган жолугушууларды өткөрүү, сүрөт көргөзмөсүн ачуу, даректүү кинотасмаларды көрсөтүү, улуттук жана диаспоралар аралык концерттик программаларды уюштуруу сыяктуу бир катар иштиктүү чаралар пландалганын жана алар четинен ишке ашырыла баштаганын билдирди.

“Кыргыз менен азербайжан эзелтеден бери эле тили бир, дили бир, улуттук маданияты менен салт-санаасы өтө жакын тектеш эл. Ошондуктан, бул жерде Гейдар Алиевдин Кыргызстанга болгон өзгөчө мамилесин белгилей кетким келет. Маселен, Гейдар Алиев 1995-жылы Айкөл Манастын 1000 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөө иш-чарасын уюштуруу жана өткөрүү жүрүмүнө жигердүү катышып, анын алкагында бир катар алгылыктуу сунуштарын берип, жылуу сөздөрүн айтканы алиге чейин эсибизде”, – деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Конференциянын жүрүшүндө МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Кыргызстан менен болгон кызматташтыгы жылдан-жылга артып жатканын айтып, өткөн жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда стратегиялык өнөктөш кызматташуу алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын өз ара иш сапарлары болуп, анын натыйжасында эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелер ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи.

“Эки мамлекеттин лидерлеринин сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Учурда эки мамлекет тең бул Макулдашууну ратификациялоо боюнча ички жол-жоболорду аяктап калды, жакында Фонд иш жүзүндөгү ишин баштоо алдында турат. Жакында эле болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жана ушул жылдын жай мезгилинде Бишкекте кыргыз-азербайжан бизнес форумун өткөрүүнү макулдаштык. Мындай кызматташтыгыбыз дагы арта берээрине терең ишенем”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле, биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы менен Бишкек-Баку ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалып жатканы айтылды. Жаңы рейстин ачылышы эки элдин ортосундагы достукту чыңдоо жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкер байланыштарды активдештирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 10-майында азербайжан элинин чыгаан уулу Гейдар Алиевдин туулганына 100 жыл толот.

Связанный пост