МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Омск облусунун Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Ушаков менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Россия Федерациясынын Омск облусунун Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Ушаков менен жолукту.

Кыргызстан менен Россиянын аймактар аралык кызматташуусу ар дайым эки мамлекеттин башчыларынын көңүл борборунда тураарын айткан Бакыт Төрөбаев, Кыргызстанда инвестиция тармагында жакшы өнүгүүлөр жана пландар бар экенин, бул жааттагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктары болуп агроөнөр жай тармагы, жашыл экономика, санариптештирүү, энергетика жана инфраструктуралык курулуш экенин белгиледи. Бул максаттар үчүн Кыргызстан Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга даяр.

“Омск облусунун айыл чарба тармагында, өзгөчө дан өндүрүүдө жемиштүү ийгиликтерин эске алуу менен кыргыз тарап буудайды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөөндөрүн импорттоого, кадрларды даярдоого жана айыл чарба тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар. Ал эми Кыргызстандын Омск облусуна кургатылган жемиштерди, жашылча-жемиштерди жана башка айыл чарба азыктарын, ошондой эле текстиль продукциясын экспорттоо үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде Омск облусунун Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Ушаков, Кыргызстан Омск облусу үчүн маанилүү бизнес өнөктөшү экенин жана өткөн жылы Омск облусу менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү жогорку көрсөткүчкө жеткенин белгиледи.

“Бул жакшы динамика, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана ири долбоорлорду ишке ашыруу потенциалы түгөнүп бүтө элек. Кыргызстан буга чейин эле алдыңкы 10 өнөктөш өлкөнүн катарына кирген. Омск ишканаларынын Кыргызстанга болгон кызыгуусу артууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө 70 ишкана иштейт, бул көрсөткүч дагы өсөт. Агроөнөр жай комплексинде, машина курууда жана логистикада долбоорлорду өнүктүрүүнүн перспективалары бар”, – деди Дмитрий Ушаков.

Ошондой эле, Дмитрий Ушаков “НПЦ ПРОМТЕХ” ЖЧК компаниясы Кыргызстанда вагон куруу, тетиктерди жасоо жана темир жол жабдуулары үчүн тетиктерди чыгаруу сыяктуу багыттар боюнча биргелешкен ишкана ачуу боюнча алдын ала макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Омск облусу менен Кыргызстандын аймактарынын ортосунда түз авиакаттамдары болсо, кызматташтыкты өнүктүрүүгө бир топ мүмкүнчүлүктөр болоорун белгилешти. Бүгүнкү күндө Россиянын Омск облусу менен Кыргызстандын Ош шаарынын ортосунда түз авиакаттам ачылган. Ал эми, Омск менен Бишкектин ортосунда түз авиакаттамдын ачылышын ишке ашыруу, соода-экономикалык жана гуманитардык мамилелерге жана туризмди өнүктүрүүгө кошумча түрткү бериши мүмкүн экендиги айтылды.

Связанный пост