Ак-Ордо-3 конушунда жер чырынан улам үйү түрттүрүлүп, балдары менен көчөдө калган жаш келин тууралуу видео буга чейин интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган үй-бүлө менен жолуккан. […]Читать далее
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Жумгал РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте браконьерлик фактысын катташты. Өткөн аптада Жумгал районунун Кабак айылынын Дүңгүрөмө участогунан “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү авто унаа токтотулуп, кароо жүргүзгөн учурда мыйзамсыз олжолонгон 1 жапайы тоо эчки жана 2 даана сайлуу ок атуучу куралдар аныкталган. Жеринде […]Читать далее
Баткенде 243 үй-бүлөгө 100миң сомдон социалдык жардам тапшырылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында,бүгүн 11-апрелде Баткен районунун жана Баткен шаарынын 243 үй-бүлөсүнө 100миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Мамлекеттик бул долбоордун максаты,аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан […]Читать далее
Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн 11-апрелде Баткен облусунун Кадамжай шаарында Өзбек Республикасынын Фергана облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери ортосунда жолугушуу өтүүдө. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун […]Читать далее
Ош шаарына муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатында эстониялык эксперттер келишти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Таллин (Эстония) шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар санариптештирүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мында ар бир тарап презентация форматында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү, санариптик системаларды […]Читать далее
Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу КРнын УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип […]Читать далее
Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Алгач Төрага депутат Дастанбек Бекешевдин, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун коштоосунда Көк-Жар конушунда жайгашкан №103 Низами […]Читать далее
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарында учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты. […]Читать далее
2023-жылдын 10-11-апрелинде Ош шаарында жана Баткен, Ош облустарында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга билим берүү жана илим министрлигинин Тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова, КР Президентинин Баткен, Ош облустарындагы өкүлдөрүнүн орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын […]Читать далее
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка перегонунда эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргыз темил жол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 4 чакырым алмаштырылат, 2 чакырымда жумуштар бүткөн. Бул аптада жумуштун 75% бүтөт. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 3 инженердик техника тартылган. Иш-чара […]Читать далее