Баткендин тургуну УКМК кызматкерине 3 млн сом пара бергенге аракет кылган

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу КРнын УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады.

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост