Ак-Ордодогу Марал Шараболотованын жаңы үйүн ким куруп берип жатат? Президенттин жообу

Ак-Ордо-3 конушунда жер чырынан улам үйү түрттүрүлүп, балдары менен көчөдө калган жаш келин тууралуу видео буга чейин интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган үй-бүлө менен жолуккан. Учурда Марал Шараболотованын эски үйүнүн ордуна жаңы үй курулуп, курулуштун чыгымдарын Президент көтөрүп жатканы тууралуу социалдык тармакта сөз жүрүп жатат. Маселенин чын бышыгын тактоо максатында “Кабар” агенттигинин кабарчылары Президент Садыр Жапаровго суроо узатты.

— Ак-Ордо конушунун жашоочусу Марал Шаболотованын турак жайы түрттүрүлүп, чоң резонанс жаратып, окуя орун алган жерге өзүңүз барып келдиңиз. Көп өтпөй жаңы үй курулуп, ал азыр чатыры бүтүп калганы соцтармакта айтылууда. Үйдүн курулушуна кеткен чыгымдарды сизди көтөрдү деген сөздөр бар, ушул чынбы?

— Жок. Калп. Мен барып көрүп кеткенден кийин “Соттогу маселелери чечилигенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киризип тургула” деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү “Ас-Сафа” фондунун өкүлдөрү: “Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз”,- деп кайрылышкан экен. “Кудай жалгасын” дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп “Ас-Сафа” фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум.

Связанный пост