Жумгалда рейд учурунда браконьерлер аныкталды

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Жумгал РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте браконьерлик фактысын катташты.

Өткөн аптада Жумгал районунун Кабак айылынын Дүңгүрөмө участогунан “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү авто унаа токтотулуп, кароо жүргүзгөн учурда мыйзамсыз олжолонгон 1 жапайы тоо эчки жана 2 даана сайлуу ок атуучу куралдар аныкталган. Жеринде акт түзүлүп, 100 000 сомдук доо коюлуп, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Жумгал РИИБнө өткөрүлүп берилди.

Мыйзам бузгандар Чуй облусунун тургундары К.И.Л жана М.И.В экени тастыкталды.

Связанный пост