Galleries

Министрлер кабинети

Минкаб Төрагасы: Кыргызстан суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт жана “ар

Кыргыз Республикасы суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт жана “ар бир тамчы маанилүү” принцибинде иш алып барат. Биз Борбор Азиядагы уникалдуу мамлекеттердин бирибиз, ал жерде суу ресурстары толугу менен өзүбүздүн мөңгүлөрдөн түзүлөт. Дарыялардын орточо жылдык агымы 48,7 куб километрди түзөт. Бул факт менен биздин өлкө региондук масштабда дарыя агымынын калыптануу зонасы болуп саналган мамлекеттердин катарына кирет. […]Читать далее

Коом

Бишкектеги №20 бала бакчасында оңдоп-түзөө иштери уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №20 бала бакчада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө менен бирге кайра пландаштыруу жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө иштин 80%ы бүткөрүлдү. Ички жасалгалоо иштери, ошондой эле учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Мектепке чейинки мекемелердин имаратынын конструкциясы эки кабаттуу. Имараттын аянты 1231 м2, ал эми аянты 0,52 га […]Читать далее

Коом Эл аралык мамилелер

11-июндан тартып Кореядан Кыргызстанга түз аба каттамы ачылат

2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова T’way авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын ТИМнин сайтында маалымдалды. Жолугушуунун жүрүшүндө корей тарап 2023-жылдын 11-июнунан тартып жайкы мезгилге жума сайын (жекшемби күндөрү) түз аба каттамы ачуу пландалганы тууралуу маалымат берди. Ёнг Хонг Гён Кыргызстанга аба каттамдарды аткаруу үчүн жаңы Boeing 737 […]Читать далее

Коом

Бишкектин кире беришинде жаңы 11 метрлик стела орнотулууда

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Дэн Сяопин проспекти менен Б.Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде кирүү белгиси салынууда. Бүгүнкү күндө инженердик тармактарды чыгаруу жана стеланы (бийиктиги 11м) куруу иштери аяктады. Айланасын көрктөндүрүү, тамгаларды (Бишкек) жана ак илбирсти орнотуу үчүн  стеланы сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат.Читать далее

Коом Эл аралык мамилелер

Борбор калаанын мэри швейцариялык “Бартолет” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров швейцариялык “Бартолет” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Бартолет Роланд менен жолукту. Жолугушууга шаар куруу, энергетика, комплекстүү долбоорлор боюнча швейцариялык компаниянын өкүлдөрү да катышты. Өз кезегинде мэр транспорт инфраструктурасынын маанилүү өнүгүп жатканын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.Читать далее

Медицина

Бишкек шаарында профилактикалык эмдөөлөр менен камтууну жогорулатуу максатында мобилдүү клиникалар

Балдарга баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСК) деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, ошондой эле вакцина менен алдын ала турган жугуштуу ооруларды азайтуу жана кепилденген сапаттагы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023-жылдын 11-апрелинен тартып Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган жана медициналык уюмдарда каттоодо турбаган ички мигранттарды эмдөө үчүн балдарды жана чоңдорду профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу боюнча көчмө мобилдик клиникалар […]Читать далее

Укук тартиби

Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысы кармалды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын жетекчиси Б.С.О. жер бөлүштүрүү ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталды. Такталгандай, Б.С.О. жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон, […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда немис ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт

Соода палатасынын башчысы Темир Сариев Гамбургдун Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин жыйынына катышты. Отурумдун ишине Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана Гамбургдун ири бизнесинин өкүлдөрү катышты. Темир Сариев жалпысынан Кыргызстан, кызматташуунун келечеги жана инвестицияларды тартуу тууралуу айтып берди. Гамбург-логистикасы жакшы өнүккөн порт шаары. Түркмөнстан аркылуу Перс булуңуна чыгуучу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун […]Читать далее

Билим

Таласта орто мектептердин спорт аянтчаларынын көйгөйлөрү жеринде каралды

Талас шаарындагы орто мектептердин, спортзалдардын, спорт аянтчалардын көйгөйлүү маселелерин менен жеринде таанышуу жана аны жергиликтүү бюджеттик долбоорго сунуштоо максатында Талас шаардык кеңешинин Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу депутаттык комиссия шаар аймагындагы 9 мектепти кыдыруу иштерин жүргүзүштү. Ага комиссиянын төрайымы Раушан Токтогулова баштаган комиссияга мүчө депутаттар, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти Э. […]Читать далее

Кадр саясаты Коом

Жаш дарыгерлер үчүн бош орундар жарманкеси өттү

Бүгүн, 13-апрель күнү ОшМУнун залында Ош облусунун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде жетишпеген кадрларды тартуу боюнча бош орундар жарманкеси өттү. Иш-чарага КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, орун басары Эрнис Толтоев, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин орун басарлары, жаш дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкеткерлери катышты. Ош облусунун башчысы жаш дарыгерлерди жумуш менен камсыз […]Читать далее