11-июндан тартып Кореядан Кыргызстанга түз аба каттамы ачылат

2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова T’way авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын ТИМнин сайтында маалымдалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө корей тарап 2023-жылдын 11-июнунан тартып жайкы мезгилге жума сайын (жекшемби күндөрү) түз аба каттамы ачуу пландалганы тууралуу маалымат берди. Ёнг Хонг Гён Кыргызстанга аба каттамдарды аткаруу үчүн жаңы Boeing 737 учагын атайын сатып алганын баса белгиледи. Маалым болгондой, компания учурда аба каттамдарды аткаруу боюнча тиешелүү процедураларды бүтүрүп жатат.

Өз кезегинде А.Исмаилова кыргыз тарап түз авиакаттамдарды ачууга кызыкдар экенин жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ал «T’way» авиакомпаниясынын жетекчилигин жакын арада түз авиакаттамдардын ачылышына Кыргыз Республикасына сапар менен келүүгө чакырды. Ал Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүүгө түрткү берерин баса белгиледи.

Связанный пост