Садыр Жапаров Newpath Partners компаниясынын башкаруучу директору Томас Кэхилл менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Newpath Partners компаниясынын башкаруучу директору Томас Кэхилл менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Newpath Partners — медициналык-биологиялык илимге инвестиция салуу менен алектенген венчурдук фирма.

Анын негизги максаты – илимий изилдөөлөрдүн алгачкы этаптарында илим чөйрөсүндөгү ишкерлерге колдоо көрсөтүү. 2018-жылы Newpath Partners компаниясы Prime Medicine, Chroma Medicine, Kojin Therapeutics, Exo Therapeutics, Kisbee Therapeutics жана Myeloid Therapeutics камтыган компаниялардын портфолиосун куруу боюнча өзүнүн биринчи долбоорун ишке киргизген. Newpath Partners көмөгү менен 16 инвестиция тартылган. Акыркы инвестициялар 2023-жылдын 25-сентябрында Nvelop Therapeutics компаниясына 100 млн АКШ доллары тартылган.

Newpath Partners ошондой эле 2023-жылдын 1-мартында 3 инвестиция жасоого жардам берип, Chroma Medicine компаниясына 135 млн доллар чогулта алган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда чет өлкөлүк уюмдар жана инвесторлор менен ар кандай тармактарда тыгыз кызматташууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын канааттануу менен белгиледи. Мамлекет чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулууда жана жаңы механизмдерди иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурууда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, энергетикалык сектор инвестиция үчүн узак мөөнөттүү артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын чоң потенциалына ээ, бирок гидроэнергетикалык потенциалдын 13 пайызын гана пайдаланат. Буга байланыштуу ал Кыргызстанда эң келечектүү жана экономикалык жактан пайдалуу болгон энергетика тармагын инвестициялоого мыкты мүмкүнчүлүк бар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Newpath Partners компаниясынын башкаруучу директору Томас Кэхилл биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен реалдуу кызматташууга даярдыгын жана ниетин билдирди. Ал өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун кызыгуу менен изилдей турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруунун жана активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Связанный пост