Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууга 11,45 млн доллар бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин буйругу менен “Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын кошумча каржылоо” долбоору боюнча гранттык макулдашуулардын тексттери Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан жалпы суммасы 11,45 млн доллар […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөт саммитине катышууда. Ал XDG2045 деген шарттуу аталыштагы, 2030-жылдан кийин туруктуу өнүгүү максаттарын иштеп чыгууга арналган тегерек столдо сөз сүйлөдү. Эдил Байсалов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү пландарына интеграцияланган 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары боюнча кыргыз […]Читать далее
Баңгизаттарды таратуучу тармакка бөгөт коюлуп, синтетикалык жол менен чыгарылган ири партия кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-февралдан 10-февралга караган түнү УКМК тарабынан баңгизаттарды таратуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө синтетикалык наркотикалык заттын ири партиясын сатууга аракет кылуу учурунда КР жараны А.Р.Н. кармалып, андан жалпы салмагы 1 […]Читать далее
Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында “Нарын – реновация” аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүүнөн билдиришти. Учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат. Долбоор 10 бөлүктөн турат: Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагына авто көпүрө куруу долбоору. (Көпүрө курулса Нарын шаарынын, Нарын районунун калктуу конуштарынын аянты 311 гектарга кеңейет) Нарын […]Читать далее
Бишкек шаарында жакыр арада Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) элчилигин ачуу пландалууда. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган маселе президент Садыр Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда айтылган. Тараптардын жолугушуусу бүгүн Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Буга чейин жетишилген […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгриянын (Мажарстан) парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач төрага Нурланбек Шакиев Мажарстандын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы, азыркы тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвердин коштоосунда жыйындар өтчү залдарды көрүп чыгып, мыйзам чыгаруу процессинин жүрүшү боюнча маалымат алды. Андан соң төрага Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды. Эскерте кетсек, Мажарстандын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту. Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү […]Читать далее
Шакиев баштаган депутаттар Венгриянын тарыхый инсандарына арналган мемориалга гүлчамбар койду
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Венгрияга (Мажарстан) мамлекетиндеги расмий иш сапары башталды. Алгач төрага Нурланбек Шакиев делегация мүчөлөрү менен бирге Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына барып, Мажарстан мамлекетинин тарыхый инсандарына арналып тургузулган мемориалга гүлчамбар койду. Ошондой эле төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда эки тараптуу […]Читать далее
Бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы, азыркы тапта Президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвер менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү […]Читать далее