Мигранттар үчүн Эмгек министрлигинин 9 маалымат күркөсү иштейт

 Мигранттар үчүн Эмгек министрлигинин 9 маалымат күркөсү иштейт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттар маалымат күркөлөрүнөн кандай маалымат ала алышары боюнча билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрликтин маалыматтык күркөлөрү эмгек мигранттары чыгып жаткан 9 жерде иштейт.

Орнотулган күркөлөрдүн дареги:

– Бишкек шаарынын аэропортунда – 2;
– Ош аэропортунда – 2;
– Баткен аэропортунда – 1;
– Жалал-Абад аэропортунда – 1;
– Бишкек шаарынын темир жол бекетинде – 1;
– Эмгек министрлигинин чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунда Бишкек шаарында – 1 жана борбордун Ош шаарындагы филиалында -1.

Күркөлөр жарандарга миграция чөйрөсүндөгү укуктары жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги жөнүндө маалымат берет.

Кандай маалыматтарды алууга болот:

• жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү менен байланышкан чыгымдар үчүн бир жолку төлөм алуунун тартиби жөнүндө маалымат (“жүк-200”);
• Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин тизмеси жана алардын даректери (элчиликтер, консулдуктар, диаспора уюмдары ж.б.);
• Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү эмгек миграциясына байланыштуу актуалдуу жаңылыктар;
• коопсуз миграция маселелери боюнча маалымат, ишенимдүү байланыш операторлорунун телефон номерлери;
• коопсуз миграция жөнүндө кыска видеолорду көрүүгө болот.

Связанный пост