МСК: Мүлктү жана кирешелерди 9-июнга чейин легалдаштырууга болот

 МСК: Мүлктү жана кирешелерди 9-июнга чейин легалдаштырууга болот

Жарандар 2024-жылдын 9-июнуна чейин “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзамын колдоно алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январына карата активдерди (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттар ж.б.) легалдаштырууну карайт.

Мында мамлекет декларантка активдердин сакталышына жана жазыктык куугунтуктоодон корголуусуна бир катар кепилдиктерди берет. Ал кепилдиктердин бири Мыйзам күчүнө киргенге чейин алардын мүлктүк абалын жана кирешелерин тастыктоо үчүн берилген физикалык жактардын (жеке ишкерлерден сырткары) бардык салык декларацияларын жокко чыгаруу болуп саналат.

Физикалык жактардын легалдаштырылган активдери үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө каралган эмес.

Жарандар ыктыярдуу мыйзамдаштыруу үчүн атайын декларациянын формасын толтуруп, аны мамлекеттик нотариуста (консулдук мекемелерде, чет өлкөдөгү элчиликтерде) күбөлөндүрүү керек.

Андан кийин декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде декларантка карата менчик укугун номиналдык ээлеринен кайра каттоо зарыл.

Бул мыйзамдын максаты – физикалык жактардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, өлкөнүн экономикасынын ички жана тышкы инвестицияларын көбөйтүү, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу, жалпы декларациялоого даярдоо, ошондой эле активдердин кепилдиктерин жана алардын ээлерин активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алган мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардан коргоо болуп саналат.

Связанный пост