Ош шаарынын мэриясында Швейцария элчилигинин колдоосу менен каржыланган “Аракет” долбоорунун алкагында түзүлгөн Координациялык кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жыйында долбоорго кирген муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы, Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын маселелери талкууланып, соңунда быйылкы жылга “Эдельвейс” конушунда жаңы суу насосун орнотуу, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар ойноочу аянтчаларды куруу, бул боюнча тиешелүү иш кагаздарды […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы тарабынан уюштурулган бизнес чөйрөсү менен жолугушуу өткөрдү. Куттуктоо сөзүндө салык кызматынын башчысы мамлекет ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуп, салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жаңы механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Салык кызматынын төрагасы камсыздандыруу төгүмдөрүн 27,25%дан 12–14%га чейин төмөндөтүү пландары менен бөлүштү. «Бул […]Читать далее
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, ыңгайсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы N 377 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтому жана башка нормативдик укуктук актылар менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен Кыргыз […]Читать далее
ААРнын алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча
Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүү жөнүндө тескемеге кол койду. Эксперттик жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына жумуш сапары болуп өттү, деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы. Жумуш сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Өкмөт башчылары кыргыз-орус соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анда энергетика, өнөр жай, транспорт, маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке […]Читать далее
Бишкек Тез жардам борборунун жетекчилиги мыйзамсыз 18,4 млн сомду өздөштүрүп алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек шаарынын Тез жардам борборунда текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, 2022-жылы жана 2023-жылдын 7 айында Бишкек шаарынын Тез жардам борборунун жооптуу кызмат адамдары жана жетекчилиги, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, айлык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, туризмди, авиацияны, лицензиялык-уруксат берүү системасын өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ашыкча контролдоо функцияларын алып салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик-жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган эксперттик-жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет: […]Читать далее
Төрөбаев: Жакынкы жылдары 60 багыттагы продукцияны экспортко чыгаруу боюнча иштер
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, жакынкы жылдары 60 багыттагы продукцияны экспортко чыгаруу боюнча иштер күчөтүлөөрүн билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, экспорт тармагын өнүктүрүү үчүн […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр тармагындагы аварияда жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган 4 кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун Адана мамлекеттик илимий ооруканасынын дарыгерлерине шилтеме берүү менен берген маалыматына караганда, бейтаптар өздөрүн канааттандырарлык сезип калышты. Ошондой эле алардын жалпы абалы орточо деп бааланып, жакшыры баштаганы байкалууда. […]Читать далее
УКМК финансы-банк секторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Тактап айтканда, кармалгандар Кыргызстан жана Казакстандын аймагында 100 АКШ доллары номиналындагы ири суммадагы жасалма банкнотторду саткан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган топ “Оптима Банк” ААКтын терминалдары аркылуу банктык карталарды толуктоо жолу менен жасалма акчаны “адалдоо” […]Читать далее