Москвада Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин жолугушту

 Москвада Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына жумуш сапары болуп өттү, деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

 

Жумуш сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту.

 

Өкмөт башчылары кыргыз-орус соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анда энергетика, өнөр жай, транспорт, маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

 

Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана башка көп тараптуу форматтардын алкагында өз ара кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Связанный пост