МСК төрагасы: Биз санариптештирүүнүн аркасында бизнести көмүскөдөн чыгара алдык

 МСК төрагасы: Биз санариптештирүүнүн аркасында бизнести көмүскөдөн чыгара алдык

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы тарабынан уюштурулган бизнес чөйрөсү менен жолугушуу өткөрдү.

Куттуктоо сөзүндө салык кызматынын башчысы мамлекет ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуп, салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жаңы механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Салык кызматынын төрагасы камсыздандыруу төгүмдөрүн 27,25%дан 12–14%га чейин төмөндөтүү пландары менен бөлүштү. «Бул бизнеске чоң жардам. Март айынан баштап киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жаңы тарифтер боюнча башкарууга киришебиз деп ойлойм», – деди А.Абдувапов.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары отчётторду тапшыруу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура жана контролдук-кассалык машина боюнча суроолорду беришти. Алтынбек Абдувапов аларга кеңири жоопторду берип, айтылган санариптик компоненттердин аркасында бизнести көмүскөдөн алып чыгууга мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Салык кызматынын төрагасы мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү калыптандырууга кошкон салымы үчүн бизнес өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. «2023-жылы салык жана төлөмдөрдү чогултуу дээрлик эки эсеге өстү. Мунун баары сиздердин жардамыңыздардын аркасынан болду” – деп баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында салык кызматынын бизнес чөйрөсү менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынды.

Связанный пост