50% электроэнергияга болгон компенсациялардын жылдык чыгымдары орто эсеп менен 180 млн сомду түзөт

 50% электроэнергияга болгон компенсациялардын жылдык чыгымдары орто эсеп менен 180 млн сомду түзөт

Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, ыңгайсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы N 377 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтому жана башка нормативдик укуктук актылар менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, аталган шарттарында жашаган абоненттердин тизмесин райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары түзүшөт.

50 пайыз электр энергиясы үчүн компенсациянын тизмеси ай сайын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, такталып берилет. КР Финансы министрлиги – райондордун, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын берилген заявкасына ылайык өз убагында квартал сайын каржылайт. Ал эми ошол тизмени берген райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары андан ары которулган каражаттарды өз алдынча бөлүштүрөт.

Орто эсеп менен жылына Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, ыңгайсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жайгашкан калктуу конуштардын электроэнергияга болгон 50 % жеңилдиктери орто эсеп менен 180 млн сомдун тегерегинде чыгымдалат.

Связанный пост