Коом

Бишкекте “Тазалык” күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режимине өттү

 Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режимине өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүп, аба табынын төмөндөшүнө байланыштуу кабыл алынды. Белгиленгендей, бүгүн саат 11:00дөн тарта ишкананын кызматкерлери жолдорго туз себүүнү башташты. Жолдорду тазалоо жана туз себүү үчүн 44 атайын техника даяр. Ишкананын базасында 584 тонна техникалык туз бар. Ошондой […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда интернаттарда 10 миңге жакын бала тарбияланат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйналышында сөз сүйлөдү. “Учурда республиканын 137 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде 9 973 бала бар. Бул мекемелердин 69 мамлекеттик, 17 муниципалдык, 39 жеке жана 12 диний мекемелер. Кызмат алуучулардын жалпы санынын 5% гана ата-энеси жок”, – […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Бишкекте Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин отуруму

 Бишкекте Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин отуруму өттү. Парламенттен билдиришкендей, отурумга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышып, өз сөзүндө кеңештин негизги максаттарына токтолду. “Жогорку Кеңеш аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган мыйзамдык базаны чыңдоо жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында жигердүү иш алып барууда. Айрыкча үй бүлө институтун, көп балалуу […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте жарандарды мыйзамсыз жоопкерчиликке тарткан милиционерлерге 77 кылмыш иши козголду

Бишкекте далилдерди бурмалап, адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан милиционерлерге кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы кабарлайт. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан көзөмөл иретинде текшерүү жүргүзүүдө Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, кылмыштуулуктун абалын жасалма түрдө жакшыртуу максатында, бети ачылбаган кылмыштар боюнча жабырлануучулардын колдорун жасалмалоо менен […]Читать далее

Экономика

Кепилдик фондунун 2023-жылдагы киреше көрсөткүчү кайрадан 400 млн сомдон ашты

Кепилдик фондунун 2023-жылдагы киреше көрсөткүчү экинчи жолу 400 млн сомдон ашты, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча таза киреше 418,5 миллион сомдон ашты. Бул көрсөткүч мурунку рекорддук көрсөткүчтөн – 2022-жылы белгиленген 411 миллион сомдон жогору болду. “Кирешенин жыл сайын өсүп жаткан көрсөткүчтөрү, ошондой эле бизнестин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештердин катчыларынын афган маселелери боюнча VI регионалдык

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/кеңешчилеринин Афганистан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр катышты. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Афганистандагы татаал кырдаалды талкуулоонун актуалдуулугун баса белгилеп, аталган […]Читать далее

Коом

Бишкектеги мектептерде 3 күн кыскартылган сабактар өтөт

Бишкектеги мектептерде 3 күн кыскартылган сабактар өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, өлкө аймагында күтүлүп жаткан суукка байланыштуу мэриянын Билим берүү департаментинин кыска мөөнөттүү сабактарды өткөрүү боюнча буйрук чыгарды. Ага ылайык, 17, 19, 20-февралда биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек, сабак 30 мүнөткө созулат. Белгилей кетсек, бала бакчалар кадимки режимде иштейт. […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абадда рейд учурунда түнкү убакта чоңдордун коштоосу жок жүргөн 12

Жалал-Абад шаарынын аймагында “Түнкү өспүрүм” аталышында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Жалал-Абад мэриясынан билдиришкендей, рейд калаа аймагында түнкү 22:00дөн кийин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында мэриянын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүрдү. Рейд учурунда ата-энесинин же жакындарынын коштоосу жок жүргөн 12 өспүрүм аныкталды. Алардын […]Читать далее

Коом

Бишкекте дем алыш күндөрү -20 градуска чейин суук болушу күтүлөт

Бишкек шаарында алдыдагы дем алыш күндөрү -20 градуска чейин суук болушу күтүлөт. Абанын температурасы -4 градуска чейин төмөндөйт, 17-февралда күндүз -8..-10°, түнкүсүн -11…-13 градус болот. 18-февралда күндүз -4…-6°, түнкүсүн -18…-20°С болот. 19-февралда түнкүсүн -15…-17°, күндүз -4…-6°. Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ош, [&Читать далее

Аймак

Жалал-Абад шаарында аянты 8 гектар жерди ээлеген сейил бак курулат

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын достук паркын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашууга шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын мүчөсү Антон Ветошкин кол койду. Планга ылайык, аталган парк 8 гектардан ашуун аянтты ээлеп, курулуш иштерине 170 млн рубль сарпталат. Сейил бактын долбоорунда коомдук иш-чараларды өткөрүү […]Читать далее