Укук тартиби

Өзгөндө сот 1,5 га жерди менчиктештирүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган

Өзгөндө “Кадастр” соттун жасалма чечиминин негизинде 1,5 га жер тилкесин менчиктештирип бергендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.   Текшерүүдө “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Дөң-Булак айыл аймагынын Пайзабад участкасында жайгашкан 1,5 га […]Читать далее

Коом

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Бүгүн саат 06:22де кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.   КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Керкиден айылынан түндүккө карай 5 км, Найман айылынан түштүк-батышка карай 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан түндүккө карай 20 км, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 60 км аралыкта жайгашкан.   Кыргызстандын калкттуу пункттары – Керкиден жана […]Читать далее

Экономика

Экономика министри ЕРӨБдүн вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Марк Боумандын жолугушту.   Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Амангелдиев Кыргызстандын өкмөтү тарабынан салык саясаты тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана ишкердик үчүн шарттарга кеңири токтолду. Ал ошондой эле кыргыз ишканаларын каржылоого эки тараптуу каржы институттарынын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай каржылоонун аркасында […]Читать далее

Дүйнөдө

СТАМБУЛ ЖАЛГЫЗ САЯКАТЧЫЛАР ҮЧҮН УНУТУЛГУС ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ТАРТУУЛАЙТ

СТАМБУЛ ЖАЛГЫЗ САЯКАТЧЫЛАР ҮЧҮН УНУТУЛГУС ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ТАРТУУЛАЙТ   Европанын эң алдыңкы багыттарынын бири катары саналган Стамбул, өз алдынча саякаттаган зыяратчылар үчүн кеңири иш-чараларды жана тажрыйбаларды сунуштайт. Шаардын чексиз көп түрдүүлүгү жана жагымдуу атмосферасынын аркасында жалгыз саякатчылар Стамбулду тандай алышат. Маселен: 2024-жылы дүйнөгө таанымал туристтик басылмалар тарабынан сунушталган Стамбул шаары жагымдуу, жандуу жана өзгөчө көчөлөрү, люкс […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кашгар шаарына келди

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кашгар шаарына (КЭР СУАР) келди.   Жумушчу сапардын алкагында минкаб башчысы Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь уйгур автоном районунун (КЭР) өкмөттөрүнүн үч тараптуу жолугушуусуна катышат.   Мындан тышкары, минкаб башчысы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктуна, Кашкар эркин экономикалык аймагына, Кашгардагы Нарын эркин экономикалык аймагынын кампасына, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик […]Читать далее

Президент

КР жеткирүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларга бирдей укукта катыша

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган […]Читать далее

Президент

Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана «Мамлекет кепилдеген юржардам жөнүндө» мыйзамга

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 498-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда укук […]Читать далее

Президент

Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана ыдык көрсөтүүнү жоюу жөнүндө конвенция ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Мыйзамдын максаты 2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган эмгек чөйрөсүндөгү […]Читать далее

Коом

Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда

Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат. Маалымат Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды. Маалыматка ылайык, Кытайдан (Хэнань провинциясы) Кыргызстанга парткомдун катчысынын орун басары, “Сюнкэ” ооруканасынын вице-президенти Вэй Сян баштаган төрт дарыгер келди, алар менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов, […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда полиграфта тестирлөөдөн милдетүү өтүү менен кызмат орундарынын тизмеси кеңейтилет

Кыргызстанда полиграфта тестирлөөдөн милдетүү өтүү менен кызмат орундарынын тизмеси кеңейтилет. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын ачып Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.   “Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан кызматкерлердин […]Читать далее