Ысык-Көлдө майнинг-ферманы электр тармагына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды

 Ысык-Көлдө майнинг-ферманы электр тармагына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды

Ысык-Көл облусунда майнинг-фермасын электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө УКМК тарабынан Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулган, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермасын түзүү жолу аркылуу криптовалютаны чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулгандыгы аныкталды.

Тинтүү учурунда, үйдүн кампасынан криптовалютаны иштетүү үчүн 12 даана жабдуулар табылып алынды.

Учурда келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат.

Связанный пост