Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Сапардын алкагында Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин Төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын […]Читать далее
Тескөөчү-кинолог Эрмек Джумамудунов “Ора” аттуу кызматтык ити менен бирге Аламүдүн районунда жоголгон 7 жаштагы кызды тапты. 2023-жылдын 26-октябрында болжол менен саат 23:00до 102 кызматына Аламүдүн районунун Маевка айылында 7 жаштагы кыз жоголгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аламүдүн районунун ИИБдин кызматкерлери айгай боюнча көтөрүлүп, кызды издөөгө ыкчам-тергөө тобу тартылган. Билдирүү боюнча окуя болгон жерге ИИМдин БМЖКККнын […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрь күндөрү Бишкекте биринчи жолу “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт. Фестиваль, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылынын 20-майындагы “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө. Иш-чарада эки башка категорияда сынак өткөрүлүп, эл аралык […]Читать далее
КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган “Фейсбук” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган КР жараны “К.Н.К.” мамлекеттик […]Читать далее
КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан 200 миң сом опузалап алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 9-ноябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда соттолгон, 1994-жылы туулган КР А.у.Д. аттуу жараны кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын […]Читать далее
Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Тегерек-Саз айылында жайгашкан Бакалбай Эркинбаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Салтанаттуу иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев , Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев, Шүкүрбек Эркебаев жана жергиликтүү тургундар катышып, жаңы мектептин ачылышы менен куттукташып, окуучуларыбызды мыкты билим, татыктуу тарбия алууга чакырыктарды […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2030-жылга чейинки биринчи 7 жылдык Өлкөлүк кызматташуу стратегиясына (мындан ары – Стратегия) кол коюшту. Кол коюу аземине ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору д-р Hans Henri P. Kluge, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү д-р Ливиу Ведраско жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Салтанаттын жүрүшүндө […]Читать далее
«Манас» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын 6-башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. 2023-жылдын 9-ноябрында болжол менен саат 04:00 чамасында «Манас» аэропортунун аэровокзалдык комплексинин имаратында VIP жүргүнчүлөрдү тейлөө зонасында документтерди жана коштоп жүрүүчү жүктү текшерүүдө, БАЭнин Дубай шаарына учууну көздөгөн С.А. токтотулган. Жүктүн ичиндегилерди текшерип кароо учурунда бажы органына декларацияланбаган жалпы салмагы 51 кг […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытайлык инвестор Ванг Ченгвен менен жолугушту. Анда облустун Сузак районунун аймагына баасы 1,5 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү инфестициялык долбоорлорду ишке ашыруу камтылган эки тараптуу келишимге кол коюлду. Мында район аймагына курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, Көк-Арт дарыясында дамба салуу, көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландары мерчемделген. Облус […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, өлкөгө сапар менен келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгени кабыл алды. Тараптар ДСУнун ишмердүүлүгү жана республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого багытталган саламаттыкты сактоо тармагындагы мындан аркы кызматташууну улантуу боюнча пикир алмашты. Президент Кыргызстан Уюмдун ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын жана мындан ары да […]Читать далее