КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУ 7 жылдык Өлкөлүк кызматташуу стратегиясына кол коюшту

 КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУ 7 жылдык Өлкөлүк кызматташуу стратегиясына кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2030-жылга чейинки биринчи 7 жылдык Өлкөлүк кызматташуу стратегиясына (мындан ары – Стратегия) кол коюшту.

Кол коюу аземине ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору д-р Hans Henri P. Kluge, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү д-р Ливиу Ведраско жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Салтанаттын жүрүшүндө жаңы Стратегиянын артыкчылыктары, саламаттык сактоо тармагындагы Кыргызстандын акыркы жетишкендиктери жана ДССУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды. Жаңы Стратегия үч стратегиялык багытты жана жети артыкчылыктуу тармакты өзүнө камтыйт.

Стратегияда жүрөк-кан тамыр оорулары, психикалык ден соолук, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу, микробго каршы препараттарга туруктуулук, айлана-чөйрөнүн гигиенасы жана химиялык коопсуздук, айыл жергесине кадрдык ресурстарды тартуу, маалыматтарды санариптештирүү боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле Стратегия ВИЧ/СПИД жана кургак учук, иммунизация, эненин, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жана баланын ден соолугу сыяктуу багыттар боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча багыттарга басым жасайт.

Бул Стратегия 2030-жылга чейинки саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» улуттук программасы менен шайкеш келтирилет.

«Бүгүн биз кол коюп жаткан Өлкө менен кызматташуу стратегиясы чындыгында инновациялык. Бул кийинки 7 жылдын ичинде биздин Кыргызстандагы ден соолукту коргоо жана бакубаттуулук боюнча ишибизди бекемдеп гана тим болбостон, өлкөнүн чек арадан тышкары демилгелерди, анын ичинде Саламаттыкты сактоого багытталган тоо программасын, Балдардын рак оорусуна каршы глобалдык демилгени, 2022-2025-жж. карата Борбордук Азиядагы ден соолук жана бакубатчылык боюнча Жол картасынын алкагындагы субрегионалдык дипломатияны илгерилетүүдөгү ролун көрсөтөт», – деп билдирди ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору д-р Hans Henri P. Kluge.

«Бул Стратегияга кол коюу менен белгиленген кызматташуубуздун жаңы этабы Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт жана өлкөбүздүн жарандарына медициналык тейлөөнүн тийиштүү сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз», – деди өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Связанный пост