ИИМ: Кызматтык иттин жардамы менен Аламүдүндө жоголгон кыз табылды

 ИИМ: Кызматтык иттин жардамы менен Аламүдүндө жоголгон кыз табылды
Тескөөчү-кинолог Эрмек Джумамудунов “Ора” аттуу кызматтык ити менен бирге Аламүдүн районунда жоголгон 7 жаштагы кызды тапты.
2023-жылдын 26-октябрында болжол менен саат 23:00до 102 кызматына Аламүдүн районунун Маевка айылында 7 жаштагы кыз жоголгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аламүдүн районунун ИИБдин кызматкерлери айгай боюнча көтөрүлүп, кызды издөөгө ыкчам-тергөө тобу тартылган.
🔵Билдирүү боюнча окуя болгон жерге ИИМдин БМЖКККнын Кинология борборунун тескөөчү-кинологу Эрмек Джумамудунов жыт аркылуу адамдарды издеген “Ора” аттуу кызматтык ити менен келген. Бир нече тилкени тинтиген ит кинологду жолдун жээгиндеги бадалдардын жанына алып келген. Ал жерде тоңуп, коркуп отурган жогорудагы кыз табылган.
🔵Белгилеп кетүү керек, жоголгон кызды ит тапкан. Кызматтык ит кыздын кийиминдеги жыт аркылуу изине түшкөн. Табылган кыз туугандарына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост