Тегерек-Саз айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктады

 Тегерек-Саз айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктады
Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Тегерек-Саз айылында жайгашкан Бакалбай Эркинбаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев , Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев, Шүкүрбек Эркебаев жана жергиликтүү тургундар катышып, жаңы мектептин ачылышы менен куттукташып, окуучуларыбызды мыкты билим, татыктуу тарбия алууга чакырыктарды жасашып, билимдүү коомдуу куруу милдети баарыбыздан көз каранды экендиктерин белгилешти.
Республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы 150 орунга ылайыкташтырылып жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө Б.Эркинбаев атындагы орто мектебинин курулушу толугу менен аягына чыгып, пайдаланууга берилди.
Сметалык баасы 60 млн. 998,082 миң сомго түзүлгөн. Курулушту “Улар-Транс” ЖЧК курулуш уюму ишке ашырды.
Бакалбай Эркинбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылышы жаштардын өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп, облустун алыскы аймактарындагы билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет.

Связанный пост