Бишкекте биринчи жолу “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт

 Бишкекте биринчи жолу “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрь күндөрү Бишкекте биринчи жолу “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт.
Фестиваль, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылынын 20-майындагы “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.
Иш-чарада эки башка категорияда сынак өткөрүлүп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма ат салышат. Сынактардын калыстар тобуна дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова кирип, фестивалдын башкы сыйлуу коногу катары Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы каарман катары тартылган актриса Түркан Шорай келет.
Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 17-ноябрда саат 19:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, кино индустрия тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн “Асман” килеминен өтүүсү менен башталат.
Программа боюнча 17- ноябрда (Кыргыз-Түрк Манас университетинде)
– Саат 14:00. түрк режиссёру Исмаил Фидандын анимация боюнча семинары өтөт.
Ошондой эле кинофестивалдын жүрүшүндө төмөндөгүдөй бир нече иш-чаралар уюштурулат.
18-ноябрдын программасы:
Өтүүчү жери: Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китеканасы
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана кино” эл аралык форуму
Саат 10:30. Форумдун катышуучуларын каттоо;
Саат 11:00. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган форумдун расмий ачылышы;
Саат 11:30. Катышуучулардын баяндамалары менен таанышуу;
Саат 13:30. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартыла турган кинодолбоорлордун бет ачары;
Саат 15:00. Суроо-жооп секциясы;
Саат 15:50. Форумду жыйынтыктоо
19-ноябрдын программасы:
Өтүүчү жери: Кыргызпатенттин инновациялык борбору, Эркиндик 58а дареги.
Саат 10:30–11:45.
Семинар №1 Темасы: “Эл аралык долбоорлор жана аларды бөлүштүрүү- Кечээ, бүгүн жана эртең”
Саат 12:00–13:30.
Панель №1 Темасы: “Борбор Азиядагы эл аралык биргелешкен кино өндүрүшүнүн реалдуулугу жана келечеги. Мүмкүнчүлүктөр, жолдор, ойлор”.
Саат 14:30 – 15:45.
Семинар №2 Темасы: “Европа менен Азиянын ортосундагы ко-продукция”
Модератор: Паоло Мария Спина
Саат 16:00 – 17:15.
Семинар№3 “Окуяларды баяндоого жаңы мүмкүнчүлүктөр”
Модератор: Нусрат Дуррани
Саат 17:30 – 18:45. Семинар№4 “Кытай жана Борбор Азия, кызматташуу жолдору”
Модератор: Цзянь Шэнь
20-ноябрдын программасы:
Өтүүчү жери: Кыргызпатенттин инновациялык борбору, Эркиндик 58а дареги.
Семинар №1
Саат 10:30-11:45
Фестивалдар – режиссерлор жана көрүүчүлөр. Фестивалдар режиссерлордон эмнени каалайт же каалабайт?
Саат 14:00 – 14:15. Питчинг программасынын расмий бет ачары,программанын демөөрчүлөрү.
Саат 14:15 – 15:45. Кинодолбоорлордун питчинги, 1-бөлүм
Саат 16:00 – 17:30. Кинодолбоорлордун питчинги, 2-бөлүм
21-ноябрдын программасы:
Кыргызпатенттин инновациялык борбору, Эркиндик 58а
Саат 10:00 – 12:00. Актердук чеберчилик боюнча мастер-класс. Содзи Арай
Саат 11:00 – 12:00.
CAF Network 1-бөлүм
Саат 12:30 – 13:30.
CAF Network 2-бөлүм
Саат 17:00–20:00.
Фестивалдын жабылышы – сыйлыктарды тапшыруу аземи.
Өтүүчү жери: Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры
22- ноябрдын программасы:
Саат 16:00
Америкалык тиленүү
(“An American prayer”)
Өтүүчү жери: Ч. Айтматов атындагы Республикалык Кино Үйү Я. Логвиненко көчөсү, 13
18-ноябрдагы тасмалардын жадыбалы:
Саат 10:00.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “Эки дүйнө арасында” режиссёр: Эммануэль Каррер. ( Эл аралык сынак-Франция)
Саат 12: 10.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “От менен суунун шыбыры”. Режиссёр: Лубдхак Чаттержи (Эл аралык сынак- Индия)
Саат 15:00.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “Күзгү жалбырактар”. Режиссёру: Аки Каурисмяки. (Эл аралык сынак-Финляндия)
Саат 10:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Табылга”. Режиссёру: Темир Бирназаров (Улуттук сынак-Кыргызстан)
Саат 11:40.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Шамбала”. Режиссёру: Артыкпай Суюндуков. (Улуттук сынак- Кыргызстан)
Саат 13: 30.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Теңирберди”. Режиссёру: Асель Жураева. (Улуттук сынак- Кыргызстан)
Саат 10:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Биринчи мугалим”. Режиссёру: Андрей Кончаловский. (Ретроспектива)
Саат 13:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Кызыл алма”. Режиссёру: Төлөмүш Океев.
Саат 11:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Галактикалык тайпа”. Режиссёру: Исмаил Фидан ( Түрк киносунун жумалыгы-Түркия)
13:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Буудай даны” Режиссёру: Доган Үмит Каража (Түрк киносунун жумалыгы-Түркия)
19-ноябрдагы тасмалардын жадыбалы:
Саат 10:00.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “Чыйыр”. Режиссёру: Михаил Кулунаков (Эл аралык сынак- Алтай)
Саат 12:00.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “Параллакс”. Режиссёру: Шахрам Эбрахими (Эл аралык сынак- Иран)
Саат 15:00.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “Мени Ивансыз көмбөгүлө”. Режиссёр: Любовь Борисова (Эл аралык сынак-Саха)
Саат 10:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Акыркы көч”. Режиссёру: Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул ( Улуттук сынак- Кыргызстан)
Саат 12:30.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Эрмен жыты” Режиссёру: Айбек Дайырбеков (Улуттук сынак- Кыргызстан)
10:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Ак-кеме”. Режиссёру: Болотбек Шамшиев (Ретроспектива)
Саат 13:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Саманчынын жолу”. Режиссёру: Ганадий Базаров (Ретроспектива)
Саат 11.00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “49” Режиссёру: Хакан Инан (Түрк киносунун жумалыгы-Түркия)
Саат 13:00
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Бир тутам гвоздика”. Режиссёру: Бекир Бүлбүл (Түрк киносунун жумалыгы-Түркия)
20-ноябрдагы тасмалардын жадыбалы:
Саат 10:00.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы:”Башта! Ишикава!”. Режиссёру: Такуми Такашина (Эл аралык сынак- Япония)
Саат 11:40.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “Айкай” Режиссёру: Кенжебек Шайкаков (Эл аралык сынак-Казакстан)
Саат 14:20.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “Эсимде”. Режиссёру: Актан Арым Кубат ( Эл аралык сынак- Кыргызстан)
Саат 16:30.
“Ала-Тоо” кино театры: Тасманын аталышы: “Жекшемби”.Режиссёру: Шокир Холиков (Эл аралык сынак-Өзбекстан)
Саат 10:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Көл”. Режиссёру: Эмиль Атагельдиев
(Улуттук сынак-Кыргызстан)
Саат 12:00
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Сагынбай Манасчы”. Режиссёру: Эрнест Абдыжапаров (Улуттук сынак-Кыргызстан)
Саат 13:45.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Үй сатылат”. Режиссёру: Талайбек Кулмендеев (Улуттук сынак-Кыргызстан)
Саат 13:00.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Делбирим”. Режиссёру: Сарвар Каримов
(Ретроспектива)
10:30.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Эфлатун”. Режиссёру: Жүнейт Каракуш
(Түрк киносунун жумалыгы-Түркия)
Саат 12:30.
“Манас” кино театры: Тасманын аталышы: “Берилгендик Хасан” Режиссёру: Семих Капланоглу (Түрк киносунун жумалыгы-Түркия)

Связанный пост