Укук тартиби

УКМК: Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делип

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле «мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деген шек менен, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри М.Д.Ч кармалды. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, Өзгөн шаарынын мэри […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча энергетикалык тармак тобунун башчысы Стефани Гил менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын командасы 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасы менен жаңы Өнөктөштүк Стратегиясы тууралуу маалымат берди, анын негизги багыттары катары энергетика, ичүүчү суу, айыл чарба жана башкалар саналат. Дүйнөлүк банк Камбар-Ата […]Читать далее

Президент

Президент Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин жыйынына катышуучуларга

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин жыйынынын катышуучуларына кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуп, учурда улуттук кайра жаралуунун жаңы этабы башталганын белгиледи. «Жаңы үмүттөр, жаңы максаттар менен өлкөнү күчтөп баштадык. Ушундай мезгилде бардык ресурстар, бардык каражаттар, анын ичинде ар бир […]Читать далее

Укук тартиби

К.Көлбаевтин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды

КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Россия Федерациясынын жараны, К.Асанбектин өкүл атасы) КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан […]Читать далее

Медицина

Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин

2023-жылдын 14-15-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин төрагалыгы алдында КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI отуруму өтүүдө, анда Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин медициналык коомчулугунун өкүлдөрү катышууда. Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык кеңеши бүгүнкү күндө өзүнүн […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште 100 миң сом салыктан карызы бар жарандарды өлкөдөн

“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору четке кагылды. Мыйзам долбоору тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова баяндама жасады. “КР Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуунун максаты Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары Калмамат уулу Алтынбектин жана Апысова Аида Айдаралиевнанын суроо-талабына байланыштуу КР Салык кодексинин 87-беренесинин 1, […]Читать далее

Маданият

Эл аралык Бишкек кино фестивалы. Алгачкы конок өлкө Түркия

Бишкекте өтүүчү Эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү – Туркия. Фестивалдын алкагында Түрк киносу жумалыгы уюштурулат жана белгилүү актриса Түркан Шорай фестивалдын ардактуу коногу болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча 1977-жылы Түркияда тартылган “Селви бойлум ал язмалым” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон. Борбор калаа Бишкекте 2023-жылдын 17-ноябрынан 22-ноябрына чейин өтө турган Бишкек эл аралык […]Читать далее

Коом

Баткен районундагы Чакуш кенинде “Кыргызалтын” ААК геологиялык чалгындоо иштерин баштады

«Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов Баткен районундагы Чакуш кениндеги геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда бул багытта «Кыргызалтын» ААК өз күчү менен жер кыртышынын геологиялык түзүлүшүн жана курамын изилдөө, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө жана андан ары өнүктүрүү үчүн баалуу металл ресурстарын баалоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Ошону менен бирге ишканада кенди андан […]Читать далее

Аймак

Баткенде кыргыз-өзбек биргелешкен айыл чарба жарманкеси өттү

Бүгүн 15-ноябрда Баткен шаарында “Алтын күз” Эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн бсма сөз кызматы билдирди. Аталган иш чара Баткен району менен Баткен шаарынын Өзбек Республикасынын Рыштан жана Сох райондорунун дыйкан фермерлеринин, ишкерлерин колдоо жана кызматташуусуна шарт түзүү максатында уюштурулган. Жарманкеге аталган райондордун айыл чарба продукцияларын […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, парламенттин 85 жылдык маарекесине карата куттуктоо сөзүн айтты. Мамлекет башчысынын сөзүндө төмөнкүдөй айтылат: «Урматтуу депутаттар! Кымбаттуу Кыргызстан эли, жалпы мекендештер – баарыбыз жакшы саамалыктын босогосунда турабыз. Коомдук турмушубузду калыпка салып, андан ары өркүндөтүүгө эреже-тартиптерди тууралап, өсүп-өнүгүүбүздүн мыйзамдык […]Читать далее