Коом

Аламүдүн суусунан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Аламүдүн суусунан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы “Кой-Таш” эс алуу борборунда 1998-жылы туулган М.А. аттуу жигит Аламүдүн суусуна агып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жигиттин сөөгүн суудан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Читать далее

Коом

Оштогу “Курманжан-Датка” МАБында балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

 Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, бардык МАБдарда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн оюн-зоок программасы уюштурулуп, анын жүрүшүндө “Иллюзия” балдар оюн-зоок комплексинде балдар үчүн иш-чаралар өткөрүлдү. Мындан тышкары, балдар үчүн шаардагы чоң кинотеатрлардын биринде мультфильмдер […]Читать далее

Медицина

Саламаттык сактоо министрлиги беткап тагынуу эрежесин сактоону сунуштайт

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Штабдын жыйынынын жүрүшүндө республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле калкты эмдөөнүн жүрүшү каралды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, азыркы тапта инфекцияны жугузуу учурларынын санынын кыскаруусу байкалууда. Ошону менен бирге […]Читать далее

Билим

Ошто 120 орундуу балдар бакчасынын жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө

Ош шаарынын “Курманжан-Датка” МАБында Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан “Балажан” бала бакчасынын 120 орундуу кошумча имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жер төлөөсүн куруу иштери аяктап, мамычаларды бекемдөө боюнча иштер аткарылып, биринчи кабаттын дубалын куруу башталды. Бекитилген график боюнча иш башталгандан 9 ай өткөндөн кийин объект […]Читать далее

Маданият

Ат-Башыда Казыбек Казалчынын 120 жылдыгы белгиленет

6-августта Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда алп акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарынын алкагында этнофестиваль, кыз-куумай, буюмдар көргөзмөсү, улуттук даамдар жарманкеси жана концерттик программа өтөт. Эске салсак, Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын […]Читать далее

Медицина

ВИЧке каршы туруу аракеттери коркунучта: бирок СПИДди токтотууга болот

Өткөн жылы дүйнөлүк лидерлер БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде жолугушуп, ВИЧ жана СПИД боюнча революциялык Саясий декларацияны макулдашышкан. Кыргыз Республикасы да бул глобалдык планды колдоп берген. Эгерде дүйнөлүк лидерлер аталган планды ишке ашырса, 2025-жылга чейин ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын жана СПИДдин кесепетинен каза болгондордун санын кескин кыскартууга, ал эми 2030-жылга чейин ден соолукка глобалдык коркунуч жараткан СПИД […]Читать далее

Саясат

Президент Араб Булуңундагы араб мамлекеттери боюнча кызматташтык кеңешинин башкы катчысын

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафтын өлкөгө биринчи сапары Кыргызстан менен Араб […]Читать далее

Билим

Аскер лицейине кабыл алуу жүрүүдө

2022-жылдын 1-августунан тарта Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине кабыл алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринен 9-классты бүтүргөн, медициналык кароодон өткөн абитуриенттер дене тарбиялык даярдыгы боюнча сынактардан өтүшөт. Ошондой эле жалпы билим берүү сабактары боюнча тест тапшырышат. Белгиленгендей, тест компьютердик тестирлөө методу менен өтөт. Сынактын […]Читать далее

Коом

Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратын салтанаттуу түрдө ачты. Садыр Жапаров иш-чарага чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, учурда мамлекетти өнүктүрүү менен катар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук коопсуздук органынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, чекисттердин кызмат өтөөсүнө зарыл шарттарды түзүүгө, алардын айлык акыларын жогорулатууга жана турак жай менен камсыз кылууга зарыл […]Читать далее

Саясат

Эдил Байсалов Бахрейнден келген делегацияны кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун директору Ахмед Аль-Шейх жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары республиканын туристтик мүмкүнчүлүгүн […]Читать далее