Аскер лицейине кабыл алуу жүрүүдө

 Аскер лицейине кабыл алуу жүрүүдө

2022-жылдын 1-августунан тарта Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине кабыл алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринен 9-классты бүтүргөн, медициналык кароодон өткөн абитуриенттер дене тарбиялык даярдыгы боюнча сынактардан өтүшөт. Ошондой эле жалпы билим берүү сабактары боюнча тест тапшырышат.

Белгиленгендей, тест компьютердик тестирлөө методу менен өтөт.

Сынактын графиги жана суроолору Коргоо министрлигинин mil.gov.kg сайтында жайгашкан.

Связанный пост