ВИЧке каршы туруу аракеттери коркунучта: бирок СПИДди токтотууга болот

 ВИЧке каршы туруу аракеттери коркунучта: бирок СПИДди токтотууга болот

Өткөн жылы дүйнөлүк лидерлер БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде жолугушуп, ВИЧ жана СПИД боюнча революциялык Саясий декларацияны макулдашышкан.

Кыргыз Республикасы да бул глобалдык планды колдоп берген. Эгерде дүйнөлүк лидерлер аталган планды ишке ашырса, 2025-жылга чейин ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын жана СПИДдин кесепетинен каза болгондордун санын кескин кыскартууга, ал эми 2030-жылга чейин ден соолукка глобалдык коркунуч жараткан СПИД пандемиясын токтотууга мүмкүн болот.

Бирок жалпысынан дүйнө, Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргыз Республикасы дагы деле болсо бул багыттагы жолго түшө албай жатат.

ЮНЭЙДСтин жаңы жарыяланган “Коркунучта” деп аталган баяндамасындагы маалыматка ылайык, дүйнө 2030-жылга чейин СПИДди токтотууга үлгүрбөй калчудай. 2021-жылы дүйнөдө ВИЧти жуктурган учурлардын азайышы 3,6 пайызды түздү – бул 2016-жылдан берки эң аз жылдык көрсөткүч.

2015-жылдан бери Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө ВИЧ-инфекциясын жуктуруунун жаңы учурларынын саны жалпысынан көбөйдү, бирок Кыргыз Республикасы бул көрсөткүчтүн өсүшүн турукташтыра алган. Илдетти жыныстык жол менен жуктургандар көбөйгөнү кооптондурган көрүнүш бойдон калууда – 2021-жылы ВИЧти жыныстык жол менен жуктуруп алгандар 80 пайызды түзгөн, ошондой эле негизги топтордо жана жаштар арасында жаңы учурлар катталууда.

СПИДдин натыйжасында келип чыккан оорулардын басымдуу бөлүгүн алдын алган дарылоо ыкмалары жеткиликтүү болгонуна карабастан, 2021-жылдын аягына чейин ВИЧ менен катталган 11 153 адамдын ичинен 2877си каза болгон.

Кыргызстанда ВИЧтин бардык жаңы учурларынын 45 пайызы кеч баскычында катталууда, бул дарылоону татаалдаштырып, көп учурда адамдын өлүмүнө алып келет. Эгерде адам вирусту алып жүргөнүн эрте билип, аны өз убагында дарылай баштаса, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болот. Бүгүнкү күндө терапия ВИЧ диагнозу коюлган адамдарга узак жана толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк берип гана тим болбостон, ошондой эле ВИЧтин жугушун алдын алуунун ыкмасы болуп саналат. Бирок терапия адамда вирустук жүктөмдү нөлгө жеткирген учурда гана натыйжасын берет.

COVID-19 пандемиясы, Украинадагы согуш жана дүйнөлүк экономикалык кризис СПИДге каршы күрөшүү боюнча улуттук чараларга коркунуч туудурган болуп көрбөгөндөй тоскоолдуктарды жаратты. Дүйнөлүк тилектештик азайып, эл аралык донорлор гуманитардык бюджеттерди кыскартып, же кайра бөлүштүрүп жатышат.

Жакшы дагы жаңылык бар – бул күрөштө ийгиликке жетүү дагы деле мүмкүн жана ага кантип жетсе болоорун биз билебиз.

ВИЧке каршы туруу чараларын активдештирүү үчүн ЮНЭЙДС сунуш кылган жана Кыргыз Республикасынын ВИЧке каршы күрөшүү боюнча жаңы Программасына киргизилген беш ыкма төмөнкүдөй:

  • Адамдарга ВИЧтин алдын алуу, тест тапшыруу жана дарылануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууга тоскоол болгон теңсиздикти жоюу.

Кыргызстан ВИЧке байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктөгү теңсиздикти жок кылып, бул кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоодогу кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүп жатат. Децентралдаштыруунун эсебинен бардык региондордо, анын ичинде жетүүгө оор болгон аймактарда, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ВИЧке тест алып, дарылоону камсыз кылууга мүмкүн болду. ДССУнун акыркы протоколдоруна ылайык, дарылоо бардык жерде акысыз, заманбап дары-дармектер менен жүргүзүлөт. Бирок, дарылоонун масштабын кеңейтүү аракети олуттуу маселе бойдон калууда: ВИЧ менен жашаган адамдарга жана калктын негизги топторуна карата жалпы эле коомдо, ошондой эле медициналык мекемелерде стигма жана басмырлоо дарыланууга тоскоолдук жаратууда. Ушундан улам адамдар жардам сурап кайрылууга ашыгышпайт, муну менен өзүнүн жана өнөктөшүнүн өмүрүнө коркунуч келтирип жатышат.

  • Адам укуктарынын сакталышын жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу.

Кыргызстанда ВИЧ жана адам укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялоо процесси жигердүү түрдө жүрүп жатат. Эксперттер, жамааттардын өкүлдөрү, жарандык коом уюмдары катышкан коомдук угуулардын алкагында бул процесстин натыйжасында жазалоочу, басмырлоочу, натыйжасыз мыйзамдар жана саясаттар жокко чыгарылат деп күтүлүүдө. ВИЧ-инфекциясы өзүнчө тема катары каралбай, коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы мыйзамдардын бир бөлүгү болуп калат. Аялдардын жана кыздардын укуктарына, анын ичинде жыныстык жана репродуктивдик укуктарына өзгөчө көңүл бурулууда.

  • ВИЧтин алдын алуу иштерине жаңы дем берүү.

Профилактикалык долбоорлорду кеңири масштабда ишке ашырууга өтүү аракеттери жолго салынды, байланышка чейинки профилактикага (БЧП) жетүү мүмкүнчүлүгү жакшырууда, бүгүнкү күндө бардык каалоочулардын, биринчи кезекте негизги топтордун арасында каалоочулардын БЧПны алуу мүмкүнчүлүгү бар. Өлкө күчү көпкө жетчү инъекциялык дары-дармектер сыяктуу жаңы революциялык профилактикалык дары-дармектерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр. Бирок, салттуу алдын алуу программаларын, анын ичинде маалыматтык өнөктүктөрдү улантуу, презервативдерди колдонууга үндөө ж.б. зарылчылыгы дагы деле болсо бар, себеби адамдардын ВИЧ-инфекциясы жөнүндө маалымдуулугунун деңгээли төмөн бойдон кала берүүдө.

  • Колдоо көрсөтүү жана жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу.

Кыргыз Республикасында жамааттар кабыл алган жооп чаралардын маанилүү ролу толук өлчөмдө таанылууда жана алар бир нече жылдан бери ВИЧке каршы чараларды пландаштыруунун, ишке ашыруунун жана мониторинг жүргүзүүнүн улуттук механизмдерине жигердүү түрдө интеграцияланып келет. Өлкөдө мамлекеттик социалдык заказ үчүнчү жылдан бери ишке ашырылып жатат, анын алкагында коомдук уюмдар негизги топтордун арасында ВИЧтин алдын алууну камсыз кылып, вирусту жуктуруп алгандарды аныктап, антиретровирустук терапия алуу үчүн багыттап, укуктук жардам көрсөтүп, ошондой эле көптөгөн башка кызматтарды көрсөтүп жатышат. Тажрыйба көрсөткөндөй, жамааттардын уюмдарынын катышуусун кеңейтүү СПИД боюнча программалардын натыйжалуулугун кепилдейт.

 

  • Жетиштүү жана туруктуу каржылоону камсыз кылуу. СПИДге каршы күрөшүү боюнча глобалдык чараларды толук каржылоону камсыз кылуу үчүн эл аралык донорлордон да, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдүн өкмөттөрүнөн да жаңы ири инвестициялар талап кылынат. Кыргыз Республикасы АРВ дарыларынын 50% мамлекеттик бюджеттен сатып алат, алдын алуу программалары негизинен донордук каржылоодо турат, бирок өлкө бул багытта да өз ресурстарын акырындык менен көбөйтүп жатат. Экономикалык кризис шартында СПИДге каршы күрөшүү боюнча программаларды мамлекеттик бюджеттен каржылоону көбөйтүп, бул ыргакты басаңдатпоо өтө маанилүү.

Бүгүнкү күндө дүйнө 2030-жылга чейин СПИДди токтото албаса, адамдык жана финансылык жоготуулар кырдаалды өзгөртүү боюнча токтоосуз жана зарыл иш-аракеттерге кеткен чыгымдардан кыйла ашып кетери айкын болуп турат.

Кыргыз Республикасында чукул иш-аракеттер үчүн эки негизги артыкчылык бар: вирусту жуктуруп алгандардын 100 пайызына дарылоону жеткирүү, ал үчүн жалпысынан коом да, медициналык жамаат да ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону кескин азайтышы керек.

СПИД эпидемиясын жеңүү – бул аткарууга боло турган жана аткарылышы керек болгон убада.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Связанный пост