Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (АКШ) болгон жумуш сапарынын алкагында Эл аралык республикалык институттун президенти Дэниел Твининг жана уюмдун Евразия боюнча директору Стивен Никс менен жолукту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандын демократиялык, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелери боюнча пикир алмашуу болду. “Биз президенттин командасында социалдык-экономикалык өнүгүү […]Читать далее
Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигине пилоттук 70 мектеп жана 30 бала бакча үчүн 5 млн 500 миң сомдук заманбап жабдуулар тапшырылды. Ведомстводон билдиришкендей, жабдуулар Ага Хан фондусунун “Мектептер2030” программасынын алкагында тапшырылды. Анын ичинде интерактивдүү панел, ноутбук, принтер, проектор жана окуу материалдар бар. Бул жабдуулар жана окуу материалдар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн мугалимдер […]Читать далее
Бүгүн Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган медициналык мекеме президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулууда. Белгилендей, долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда. Капсула салуу иш-чарасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга расмий сапардын алкагында І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго «Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» жогорку сыйлык тапшырды. Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан терең жана тарыхый тамырлары менен байланышкан – боордош өлкө экенин баса көрсөттү. […]Читать далее
Бишкекте 500 орундуу дагы бир бала бакча ачылат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бүгүн калаа башчысы Айбек Жунушалиев Чыгыш-5 кичи району, 18/1 дарегиндеги имаратка барды. Ал жерде мектепке чейинки билим берүү мекемеси уюштурулат. Ага мэрдин орун басары Азамат Кадыров, Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты. Учурда аталган объект […]Читать далее
Президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан Казакстан үчүн жөн гана коңшу эмес, боордош өлкө жана маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи. Жалпы тарыхка жана руханий баалуулуктарга таянып, эки өлкөнүн элдери терең […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, саясий-экономикалык диалог колдоого алынып, бардык деңгээлдерде байланыштар жүрүп жатканын белгилеп өттү. Президент салттуу түрдө достук мамиледе, жылуу жана ишеним маанайда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө канааттануу менен айтты. Саясий, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон расмий сапардын алкагында өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында эл аралык талаптарга жооп берген логистикалык борбор ачылды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ишкерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Логистикалык борборду жеке ишкер Түгөлбай Сейдалиев негиздеген. Ага АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID), Катардык ишкер колдоо көрсөткөн. Борбордо мөмө-жемиштерди […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери бажы укук бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын алкагында товарларды мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныкташты. Ведомстводон билдиришкендей, «РТ» ЖЧК тарабынан бодо малдын терисин ташып чыгууда, товардын наркынын 20% өлчөмүндө белгиленген ташып чыгуу бажы алымы төлөнбөгөнү аныкталган, кармалган товардын жалпы салмагы 45 тоннаны түзгөн. Кыргызстандын бюджетине келтирилген зыяндын суммасы 848 миң […]Читать далее