Садыр Жапаров Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин жыйынына катышты

Президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүштү.

 

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан Казакстан үчүн жөн гана коңшу эмес, боордош өлкө жана маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи. Жалпы тарыхка жана руханий баалуулуктарга таянып, эки өлкөнүн элдери терең байланыштарга ээ, алар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналат.

 

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча бирдиктүү максат ырасталганын белгиледи.

 

Садыр Жапаров өз кезегинде Бишкек шаарынын ТЭЦинде болгон аварияга байланыштуу гуманитардык жардам үчүн боордош казак тарабына ыраазычылык билдирип, боордош Казакстанга өлкөнүн аймактарындагы суу ташкындарынын кесепеттери менен күрөшүүдө колдон келген жардамды берүүгө даярдыгын айтты.

 

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги 6-жыйынынын жыйынтыктары мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүн жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним билдирди. Эки өлкөнүн мамилелери союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда мындан ары да чыңдалып, кеңейет, деп ишенерин айтты.

 

Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстан менен Казакстандын профилдик мамлекеттик органдарынын соода жана инвестиция, транспорт жана транзит, суу жана энергетика, ошондой эле маданият сыяктуу ар кыл багыттардагы эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги тууралуу баяндамаларын угушту.

 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

 

1. Союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү келишими;

 

2. Мамлекеттер аралык Кеңештин чечими;

 

3. 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

 

5. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Автоунаа өткөрүү пункттарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы (Жол картасы) ;

 

6. КРдин Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Казакстан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

 

7. КРдин Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум.

Связанный пост