Бажычылар бодо малдын 45 тоннадан ашуун терисин мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады

 Бажычылар бодо малдын 45 тоннадан ашуун терисин мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери бажы укук бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын алкагында товарларды мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, «РТ» ЖЧК тарабынан бодо малдын терисин ташып чыгууда, товардын наркынын 20% өлчөмүндө белгиленген ташып чыгуу бажы алымы төлөнбөгөнү аныкталган, кармалган товардын жалпы салмагы 45 тоннаны түзгөн.

Кыргызстандын бюджетине келтирилген зыяндын суммасы 848 миң 857 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Связанный пост