Акылбек Жапаров Эл аралык республикалык институттун жетекчилиги менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (АКШ) болгон жумуш сапарынын алкагында Эл аралык республикалык институттун президенти Дэниел Твининг жана уюмдун Евразия боюнча директору Стивен Никс менен жолукту.

 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандын демократиялык, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

 

“Биз президенттин командасында социалдык-экономикалык өнүгүү чөйрөсүндө жетишилген олуттуу ийгиликтерге сыймыктанабыз. Өлкөбүздүн бюджетинин киреше бөлүгүн дээрлик үч эсеге, мамлекеттин ИДПсын көбөйткөнүбүздү айтсак жетиштүү болот. Бул коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында болду. Бул албетте мамлекетти жакшы башкаруудан да кабар берет. Ошондой эле, бул демократиянын жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн жеңиши. Президентибиздин саясатын колдоо деңгээли, Эл аралык республикалык институттун изилдөөлөрү боюнча, 82%ды түздү, ал бир жыл мурда 86%ды түзгөн – думек бул чындап эле бийликтин мындан аркы тайманбас реформаларды жүргүзүүгө берген күчтүү мандаты”, — деди Акылбек Жапаров.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы элдин басымдуу көпчүлүгүнүн колдоосу — бул Кыргызстандагы демократиялык түзүлүштүн кол тийбестигин көрсөткөндүгүн, мыйзамдуулук чыңдалып, кыргызстандыктардын жашоо деңгээли жогорулатылганын белгиледи.

 

Өз кезегинде Эл аралык республикалык институттун жетекчилиги кызматташууга жана биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.

Связанный пост