Алдын ала маалымат боюнча Ош облусу Кара-Суу районунда жаап өткөн жаандын кесепетинен Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаек айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Кара-Суу райондук ӨКБдан ыкчам топ менен Кара-Суу РМАнын башчысы чыгып кеткен.Читать далее
Алдын ала маалымат боюнча Ош облусунун Алай районунда саат 17:30 чамасында жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Корул айыл аймагынын Тогуз –Булак айылында сел жүргөн. Жерине КР ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Ыкчам топ тартылган.Читать далее
Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык Олимпиадалык квалификациялык мелдештин жыйынтыгы менен Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Кыргызстандык спортчу жарым финалдык беттеште өзбекстандык Набира Эсенбаева менен күч сынашып, жыйынтыгында 7:2 эсебинде жеңишти камсыздай алды. Буга чейин казакстандык Елена Шалыгинаны (6:2 “туше”) жана индиялык Ниша Нишаны (9:1 “туше”) […]Читать далее
Нарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата 14 миңге жакын көчөт отургузулду. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн, 20-апрелде Нарын облусунун бардык аймактарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата ишембиликтер уюштурулуп, айлана-чөйрөнү, жол жээктерин, каналдарды тазалоо, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча массалык иштер алып барылды. Ишембиликтерге жалпы 10603 адам […]Читать далее
Бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыкты. Тагыраагы, депутаттар менен кызматкерлер Бишкек шаарында жайгашкан Э.Гареев атындагы ботаникалык бакта ар түрдү дарактардын көчөттөрүн отургузуп, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Төрага Нурланбек Шакиев отургузулган көчөттөрдүн көктөп кетиши үчүн мындан ары да камкордукка алуу керектигин айтып: “Жыл сайын […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чыңгызбек бүгүн, 19-апрелде АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун (DRL) катчысынын жардамчысынын орун басары Николь Чулик менен жолугушту. Анда Кыргыз Республикасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын аткарылышы, гендердик теңчиликке жетишүү боюнча чаралар, эмгекти коргоо маселелери талкууланды. Конфликт болгон аймактардан […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 2:29да Кыргызсандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылында 3,5 баллга чейин, Нарын шаары, Эчки-Башы, Куйбышев, Миң-Булак, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Жан-Булак, Оттук, Казан-Куйган, Кеңеш жана Орто-Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген. (Эмгекчил айылынан 6 чакырым чыгышка, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров баштаган делегация Сан-Франциского (АКШ) жумушчу сапарынын алкагында Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду. Apple Park IT компаниялардын технологиялык кеңселеринин бири болуп саналат. Делегация Apple Park концепциясы, имараттардын архитектуралык-долбоордук чечимдери, санариптик инфраструктура менен таанышты. Өкмөт Кыргызстанда IT-парк түзүүнү пландоодо. Аpple Inc компаниясынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Бишкектин четинде жайгашкан жаңы футболдук стадиондун курулушунун жүрүшү менен пландан тышкары таанышты. Мамлекет башчысына ал жерде 45 миң орундуу футболдук стадиондун долбоорун көрсөтүштү, ошондой эле аталган объекттин башкаларга салыштырмалуу уникалдуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндалды. Архитекторлордун айтымында, архитектуралык стиль жана түс гаммасы Бишкектин жана кыргыз элинин мүнөзүнө жана маданиятына туура […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 айдан 12 айга чейинки беш бала кайтарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде […]Читать далее