Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

 Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды.

 

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган медициналык мекеме президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулууда.

 

Белгилендей, долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

 

Капсула салуу иш-чарасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Ысык-Көл облусунун башчысы Уланбек Далиев, облустагы саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Связанный пост