Кыргызстанда ишкерлерге 6,4 млрд сом пайызсыз насыя берилди

 Кыргызстанда ишкерлерге 6,4 млрд сом пайызсыз насыя берилди

Кыргызстанда 9 миң 504 ишкерге 6 млрд 455 млн 227 миң 818 сом пайызсыз насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыя “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында берилүүдө. Анын ичинде:

  • 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 290 ишкерге 4 млрд 663 млн 693 миң 243 сом берилген;
  • 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1214 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 1 млрд 791 млн 534 миң 575 сомду түзгөн.

Белгиленгендей, аталган долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Связанный пост