Сауд Араб Падышачылыгы 2024-жылы Кыргызстанга ажылык үчүн 6060 квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин САПтын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, САПтын өкүлү Кыргызстан 2023-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгиледи. “Биз 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, […]Читать далее
“Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда жана Сузак районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ачылып, тургундарга арзан баада дары-дармек сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Дарыканаларда маанилүү дары-дармектердин тизмесине […]Читать далее
Район борборунан 56 чакырым алыстыкта жайгашкан 1-Май айыл аймагына караштуу Ажек айылында Фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди. Бул тууралуу КР Президенттин Жалал-Абаддагы Өкүлчүлүгү маалымдады. Буга чейин N3 ҮДТнун имаратынын эскилиги жетип, тургандарга бир топ ыңгайсыздыктар жаралып, жаңы имаратка болгон муктаждык жогору болуп келген. Мындан улам тейлөө шарты жакшырып, заман талабына ылайык медициналык мекеме пайдаланууга берилди. ФАП 3миңден […]Читать далее
Башкы прокуратура Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча тийиштүү кызмат адамдарына карата текшерүүнү баштады. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө мындай деп айтылат: “КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 330-бер. 1-бөл. (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен айыпталган А.Абдылдаев (Арстан Алай) […]Читать далее
Бир жарым жылдын ичинде “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн 14 985 арыз берилген, анын ичинен 12 800 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт аркылуу өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты: * программага катышкан аялдардын жалпы саны-12 272; * үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы саны – 70 880; * майыптардын жалпы саны-1 436; * 16 жашка чейинки […]Читать далее
Түркиянын борборунан чыгышына унутулгус саякат тартуулаган дүйнөнүн эң мыкты темир жол каттамдарынын бири болгон Түркиянын Чыгыш Экспресси жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтө баштады. Болжол менен 1310 километрге созулган поезд сапары Түркиянын борбору Анкарадан башталып, Кырыккале, Кайсери, Сивас, Эрзинжан жана Эрзурумга чейин уланып, Карста аяктайт. Болжол менен 26 саатка созулган саякат жүргүнчүлөргө маршрут боюнча Түркиянын ар түрдүү географиясын […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бүгүнкү күндө Россияда, Улуу Британияда, Түштүк Кореяда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жумушка орношууга болот. Жыл ичинде 13,319 миң адам, анын ичинде 4,4 миң аялдар Министрлик аркылуу кепилденген айлык акы жана социалдык пакет менен ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты. […]Читать далее
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Ирандын Керман шаарында катталган терактка байланыштуу аталган өлкөнүн Ислам Кеңешинин Межлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибафга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Парламенттен билдиришкендей, телеграммада мындай деп айтылат: “Керман шаарындагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип, көптөгөн жарандарды жарадар кылган террордук акт тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди, […]Читать далее
Арстанбек Абдылдаев дүйнө салды. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын 5-январында (саат 05:15 чамасында) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин Ашкана бөлүмүндө айыпталуучу Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин асылып турган сөөгү табылган. Белгилей кетсек, айыпталуучу А.Абдылдаев 15.12.2023-жылы КРнын Кылмыш-жаза […]Читать далее
2024-жылдын 1-январь күнүнөн 8-январь күнүгө чейин республика аймагында милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү боюнча өз ишин улантууда. Майрамдык иш-чаралар өткөн жерлер жана эс алуучулардын массалык чогулган жерлери милициянын кызматкерлери тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү боюнча иш чаралар улантылууда. Жол кыймылынын коопсуздугу […]Читать далее