Коом

Кыргызстанда бир жылда 13 миң жаран протездик-ортопедиялык буюм менен камсыздалган

2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 13 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды протездик-ортопедиялык буюм менен камсыздаган. Мекемеден билдиришкендей, бүгүнкү күндө мекемеде ортопедиялык бут кийимдердин сапаты жана моделдери жакшыртылган, протездерди жасоодо заманбап технологиясы менен жасалган пневматикалык тизелер, карбондук тамандар колдонулууда. Алсак, мекеменин протезисттери биринчи жолу электроникасыз иштеген, суудан коркпогон балдар […]Читать далее

Министрлер кабинети

ИИМге жаңы техника тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (ИИМ) техникаларды тапшыруу аземине катышты. Ички иштер министрлигине 66 техника тапшыруу салтанатында МинКаб Төрагасы акыркы эки жылда республика боюнча ички иштер органдарында 42ден ашуун жаңы имарат курулганын жана 200гө жакын имарат оңдоодон өткөрүлгөнүн белгиледи. “Ар бир милиция […]Читать далее

Аймак

Ат-Башы районунда 250 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Большевик айылында А.Табылдиев атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы курулган имараты ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин окуучулар мектептин авариялык абалдагы эски имаратында эки смен менен окуп келишкен. Мектептин курулушу 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен башталган. “2023-жылы президенттин курулушу көпкө созулган социалдык объектилерди […]Читать далее

Коом

2023-жылы «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөөгө 584 млн сом бөлүнгөн

2024-жылдын 1-январына карата 146 633 төрөлгөн балага “балага сүйүнчүнүн” бир жолку төлөмүнө республикалык бюджеттен 584,0 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинде бир эле мезгилде үч эм жана андан көп төрөлгөн 28 балага 1,4 млн сом төлөндү. Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде үч же […]Читать далее

Коом

1-январдан баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жогорулады

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат. 2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн 11-жумуш күнүнөн тартып 10 […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Япониянын Императоруна жана Премьер-министрине жер титирөөнүн кайгылуу кесепеттерине

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Япониянын Императору Нарухитого жана Премьер-министри Фумио Кисидага жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Болуп өткөн жер титирөөдөн улам көптөгөн курмандыктарга алып келген кыйроолор жана андан жабыр тарткан жарандар жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы япон элине чын жүрөктөн чыккан тилектештик жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм. Каза […]Читать далее

Коом

Оштун борбордук аянтындагы жаңы жылдык салтанатка 20 миңден ашык адам

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 20 миңден ашуун адам чогулду. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-декабрь саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторду жаңы жылы менен куттуктады. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Майрам фейерверк менен коштолуп, эстрада жылдыздары […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, алардын 143 – эркек, 133 – кыз. Эгиздер Ош облусунда жарык дүйнөгө келген. 15 эне кесарево жолу менен төрөгөн. “Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө биринчи болуп төрөлгөндөр (00:00) – 3,520 кг салмактагы […]Читать далее

Коом

Бишкек: Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 4 тонна таштанды чыгарылды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы жыл майрамына карата “Ала Тоо” аянтындагы өткөрүлгөн майрамдык иш-чарадан кийин 4 тонна таштанды чыгарды. Ишкананын 60 кызматкери, 6 атайын техникасы иш алып барды. Өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда кишинин саны 15 000дин айланасында чогулган жана 1 тоннага аз таштанды чыккан. Борбордук […]Читать далее

Коом

ИИМ: Милиция күчөтүлгөн тартипте кызматын улантууда

2023-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинен 3 кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 19 жол унаа кырсыгы катталып, 22 адам ар кандай жаракаттарды алган. Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү. ИИО кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Майрамдык ири иш-чараларда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо коопсуздуктун […]Читать далее