2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы Перинаталдык борборунун ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборунун курулушу аяктады. Учурда медициналык жабдууларды орнотуу, ошондой эле борбордун айлана-тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта жаңы Перинаталдык борбордун расмий ачылышы пландалууда. Эскерте […]Читать далее
Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2023-жылдын 52-жумасына (и.к. 194,5) салыштырмалуу 2024-жылдын 1-жумасында (01.01-07.01.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 8201 учуру (и.к. 116,3) катталды, б.а. – 40,2% төмөн. Ооругандардын ичинен 72,2%ын (5961 учур) 14 жашка чейинки балдар түзөт. Октябрь айынан тарта 1315 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү […]Читать далее
Кыргызстанда 8-январдан тарта Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет. Аталган борборлор саат 09:00дөн тарта 18:00гө чейин жарандарды тейлөөдө. Жарандар өз ыңгайлуулуктары үчүн 119 ыкчам номерине чалып кеп-кеңеш алса болот. Чалуу акысыз. Андан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары EarlyOne тиркемеси аркылуу электрондук кезекке турса […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. «Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган […]Читать далее
Кыргызстан былтыр 195 миң баш мал экспорттогон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, 2023-жылдын 12 айында республикадан экспорттолгон жана импорттолгон мал жандыктар: Экспорт Бодо мал – 73 миң 905 баш; Кой-эчки – 116 миң 540 баш; Жылкы – 4 миң 996 баш. Импорт Бодо мал – 26 […]Читать далее
2023-жылы 8,5 миңден ашык кыргызстандык кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына караганда, жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Алар: компьютер оператору; соода агенти; ашпозчу; косметолог; чач тарач; тырмак жасоочу; укалоочу; визажист; котормочу; 1С билими бар бухгалтери; тигүүчү; айдоочу; электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехник […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 1нен 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти. Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен: тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 196; мас абалында унаа башкаруу – 208; автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 32; […]Читать далее
2024-жылдын 7-январында узакка созулган оорудан кийин 79 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов каза болду. Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган. 1969-жылы Ташкент политехникалык институтун аяктап, “инженер куруучу – технолог” адистигин алган. Жеңишбек Бекболотов мамлекеттик кызматта катардагы заводдун мастеринен тартып Өкмөттүн мүчөсүнө […]Читать далее
Бүгүн, 8-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты. Аземге мамлекеттик туунун авторлору жана Бишкек шаарынын тургундары да күбө болушту. Тууну көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды. Алсак, мамлекеттик тууну жакшыртууга багытталган мыйзам […]Читать далее
Каракол шаарында эл аралык KARAKOL FAIR 2024 кышкы туристтик жарманкеси өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусунсдагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, жарманкеге Кыргызстандын ар кайсыл аймактарынан кол өнөрчүлөр чогулуп, өздөрүнүн колго жасалган буюм-тайымдарын көрсөтүштү. Ошондой эле иш-чарада фудкорт уюштурулуп, анда келген коноктор улуттук ашкананын тамактарынан даам татышты.Читать далее