Коом

Кыргызстанда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-январда саат 00:51де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги мигранттарга 31,8 миллион рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга

2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан 465 эмгек мигрантына эмгек акы алууга көмөк көрсөтүлгөн. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 31,8 миллион рублди түзгөн. Ошондой эле, 9289 миң кыргызстандыктар Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча кеңештерди алышты.Читать далее

Uncategorized @kg

Ош облусунда былтыр өнөр жай тармагында 15 млрд 931,3 млн

Ош облусунун өнөр жай тармагы 2023-жылы олуттуу жылыштар менен коштолду. Жалпысынан облустун өнөр жай тармагында 15 млрд 931,3 млн сомдук продукция өндүрүлүп, кызмат көрсөтүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 млрд 171,5 млн сомго көбөйгөндүгүн билдирет. Облуста өндүрүштү кеңейтүү боюнча бир топ аракеттер көрүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында 2023-жылдын 11 айында 56 жаңы өнөр жай ишканалары ачылып, […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 14 миңге чукул адам жеке ассистент катары айлык алышкан

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023- жылдын жыйынтыгын чыгарып, республикада 13 987 адам жеке ассистент катары эмгек акы алышканын маалымдайт. Алар 14287 чоң кишилерге жана майып балдарга кызмат көрсөтүшөт. Мыйзамдарга ылайык, ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң ата, чоң эне, бир тууган жана бир тууган ага-инилер, багып алуучу ата-эне) же […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров теракттын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу Ирандын Президентине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын Президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Керман шаарында болгон террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиев зилзалага байланыштуу япониялык кесиптештерине көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын Парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын Төрагасы Фукусиро Нукагага жана Кеңешчилер палатасынын Төрагасы Оцудзи Хидэхисага аталган өлкөдө катталган жер титирөөдөн улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Анда мындай деп айтылат: “Жапония мамлекетинде катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды […]Читать далее

Аймак

2023-жылы Ош облусунун 87% калктуу конуштары таза суу менен камсыздалды

2023-жылы Ош облусунун 87 пайыз калктуу конуштары таза суу менен камсыздалды. Ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында облус аймагынын 14 айылында таза суу курулмалары пайдаланууга берилди. Натыйжада 2024-жылы облустагы калктуу конуштарды толук 100 пайыз таза суу менен камсыздоо пландалууда.Читать далее

Аймак

Нарын облусунда пилоттук режимде административдик-аймактык реформа ийгиликтүү жыйынтыкталды

Нарын облусунда пилоттук режимде административдик-аймактык реформа ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, агенттиктин башчысы Кудайберген Базарбаев Нарын облусуна иш сапары менен барып, облус жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештин төрагалары, айыл өкмөтүнүнүн жооптуу катчылары менен […]Читать далее

Коом

Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, 36 жаштагы К.к.А. аттуу айым 2-январда операция жолу менен үч кызды жарык дүйнөгө алып келген. Ымыркайлардын салмагы – 2080 кг, 2340 кг, 2140 кг. Наристелердин жана апасынын абалы туруктуу, алар учурда кам көрүүнүн экинчи […]Читать далее

Коом

Ысык-Атада салмагы 6,5 кг болгон бала төрөлдү

Ысык-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунда бүгүн салмагы 6,5 кг болгон “баатыр” бала төрөлдү. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ымыркай кесарева жолу менен жарык дүйнөгө келген. Ымыркайдын апасы 35 жашта, бул анын бешинчи төрөтү.Читать далее