Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 6060 квота бөлдү

 Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 6060 квота бөлдү

Сауд Араб Падышачылыгы 2024-жылы Кыргызстанга ажылык үчүн 6060 квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин САПтын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, САПтын өкүлү Кыргызстан 2023-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгиледи.

“Биз 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык”, – деди Азирети Муфтий.

Связанный пост