Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Бишкектеги тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыздын ишин иликтөө боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Бул багытта министрликте түзүлгөн комиссиянын төрагасы, Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ринат Мавланбай уулу маалымат берди. Ал окуяга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери […]Читать далее
Европа комиссиясынын Вице-президенти Маргаритис Скинас 15-январда Кыргызстанга келет. Бул тууралыы КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен жолугушуу пландаштырылууда, анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Европалк мамилелердин маселелерин талкуулашат, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышат. Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө КР Президенти С.Н. Жапаров жана КР Министрлер […]Читать далее
Акылбек Жапаров Бишкектеги №62 билим берүү комплексинин жаңы имаратынын ачылышына
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №62 билим берүү комплексинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы окуучуларды, ата-энелерди жана мектептин мугалимдерин 1500 окуучуга ылайыкташкан жаңы имараттын ачылышы менен куттуктады. «Президент Садыр Нургожоевич шаардын мектептерге болгон муктаждыгын эске алып, Бишкек шаарына жаңы мектептерди, кошумча имараттарды куруу жана жаңы имараттарды […]Читать далее
2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) кышкы кабыл алуунун III туруна каттоо башталды .Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 15-январда башталып, 17-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 18-январь күнү саат 09:00го чейин жайгаштырылат. Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 20-январь саат 16:00гө […]Читать далее
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0Читать далее
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн фокустук саламаттык уюму катары тандалып алынып, эл аралык Global Initiative for Childhood Cancer – Балдар онкологиясы менен күрөшүү глобалдык демилге программасына кирди. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул программа Кыргыз Республикасына балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун […]Читать далее
2023-жылдын жыйынтыгы менен ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7% га азайып, 91,6 миң адамды түздү. Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6%га өскөн. Иш менен камсыз кылуу […]Читать далее
Былтыр дем берүүчү гранттардын эсебинен 320 долбоор каржыланды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2023-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 800,0 млн. сом каралган. 2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) атайын адистештирилген ротасы тарабынан бир сутканын ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 119 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 42 айдоочу кармалган; тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 7; башка жол эрежелерин бузуу — 70. Ал эми ар […]Читать далее
Бишкекте милиция ооруканада каза болгон 3 жашар баланын өлүмүнүн себебин иликтөөдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти. Милициянын маалыматына караганда, 13-январда М.А. аттуу жаран ооруканада кесиптик милдетин туура эмес аткаруудан улам 2021-жылы туулган К.А.нын өлүмүнө алып келген медицина кызматкерлерине чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Аталган факты Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, […]Читать далее