Европа комиссиясынын Вице-президенти Маргаритис Скинас Кыргызстанга келет

 Европа комиссиясынын Вице-президенти Маргаритис Скинас Кыргызстанга келет

Европа комиссиясынын Вице-президенти Маргаритис Скинас 15-январда Кыргызстанга келет. Бул тууралыы КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен жолугушуу пландаштырылууда, анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Европалк мамилелердин маселелерин талкуулашат, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышат.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө КР Президенти С.Н. Жапаров жана КР Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаров менен жолугушуулар пландаштырылууда.

Связанный пост