Президент

Садыр Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинасты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-январда, Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинасты кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Евробиримдик менен аймактар аралык жана эки тараптуу деңгээлдеги кызматташуусунун активдүү динамикасын канааттануу менен белгиледи. Мамлекет башчысы жана Еврокомиссиянын вице-президенти маселелердин кеңири спектрин, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду, инвестицияларды, каржылоону, банктык мамилелердин келечегин жана аймактык […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Былтыр мыйзамсыз менчиктештирилген 15 социалдык обьект мамлекетке кайтарылган

Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 969-VII токтомунун аткарылышы боюнча маалыматтар угулду. […]Читать далее

Президент

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты коомдук саламаттык сактоо системасын модернизациялоо аркылуу адамдын ден соолугун сактоону камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Мыйзамдын милдеттери коомдук саламаттык сактоодогу жаңы чакырыктарга жана актуалдуу талаптарга, эл аралык укук […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Малайзиянын экс-премьер-министри жана азыркы замандын эң белгилүү саясатчыларынын бири, доктор Махатхир Мохамаддын резиденциясында сылык сапары менен болду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Байсаловдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын делегациясы Малайзияда жумуш сапары менен жүрөт. Эдиль Байсалов республиканын жетекчилигинин атынан салам жолдоп, бекем ден соолук каалады жана президент Садыр Жапаровдун […]Читать далее

Коом

Балыкчыда сууга чөккөн балдарды куткарган милиционер “Каармандык” медалы менен сыйланды

Балыкчы шаарында муз алдына түшүп кеткен балдарды куткарып калган ммилиционер Амантур Бакиров Ички иштер министрлигинин “Каармандык” медалы менен сыйланды. Ведомстводон билдиришкендей, медаль ички иштер министри Улан Ниязбековдун Амантур Бакировду сыйлоо тууралуу буйругуна ылайык тапшырылды. Сыйлыкты алуу үчүн Амантур Бакиров атасынын ИИМдин ардагери отставкадагы милициянын подполковниги Давлетбаев Кермакун агабыздын коштоосунда келди. Сыйлыкты министрдин биринчи орун басары […]Читать далее

Коом

Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз элинин атынан гумжардамды жеткирүүдө өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырды. Алгач министр Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан. Өз кезегинде Палестинанын […]Читать далее

Коом

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысы 30-январдан тарта көтөрүлмөй болду

Бишкекте 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев бүгүн кол койгон. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошентип, 30-январдан тарта накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы […]Читать далее

Коом

Жаңы автобекет штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарындагы айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет иштеп жатат.   Автобекетти маршруттук таксилер тейлейт, алар жарандарды аймактарга ташыйт. Бүгүнкү күндө 5 ташуучу компания (100дөн ашык машина) автовокзал менен кызматташып жатат: – «Ардагер Транс Сервис» ЖЧКсы (Бишкек-Жети-Өгүз); – «Тоң-Бишкек» ЖЧКсы; – «Чон Ак-Суу» ЖЧКсы; – «Таңкы Жол» ЖЧКсы; – «Нурлан плюс» ЖЧКсы (Бишкек-Түп). […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК “24.KG” агенттигинин кеңсесинде согушту үгүттөө фактысы боюнча тинтүү жүргүздү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери бүгүн “24.KG” маалымат агенттигинин имаратын тинтүүгө алды. Атайын кызматтан билдиришкендей, тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту үгүттөө” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-изилдөө иш-чаранынын алкагында жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.Читать далее

Укук тартиби

Чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине пара берүү фактысы боюнча бир

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды. Ушул жылдын 14-январында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү) боюнча козголгон […]Читать далее