Жогорку Кеңештин тармактык комитети тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыздын ишин иликтөө боюнча министрликтин маалыматын укту

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Бишкектеги тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыздын ишин иликтөө боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Бул багытта министрликте түзүлгөн комиссиянын төрагасы, Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ринат Мавланбай уулу маалымат берди. Ал окуяга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Комитет төрайымы Винера Раимбачаева жеке клиникаларды текшерүү маселесине токтолуп, министрликтин бул багыттагы иш-аракеттерин тактады. Ринат Мавланбай уулу окуя орун алган жеке клиника убактылуу жабылып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Депутат Аида Исатбек кызы жеке клиникаларды текшерүү иштеринин жыйынтыгын сурады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү 2023-жылдын ноябрь, декабрь айларында Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда текшерүү жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Тактап айтканда, 626 ишкерлер текшерилип, алардын 410унда лицензиясы болсо, калгандарына жок болуп чыккан. Анын натыйжасында 251 ишкерге 1,5 млн сом айып пул салынган.
Депутат Максатбек Сарбагышев окуянын орун алганына бир ай убакыт өтсө да териштирүү иштери жыйынтыкталбагына көңүл буруп, кылмыш ишине тиешелүү дарыгерлер жоопкерчиликке тартылуусун айтты.
Жыйынтыгында комитет жагдайды укук коргоо органдарынын териштирүүсүнөн кийин дагы карай турганы белгиленди.

Связанный пост